Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын кабар беришинче, Алмазбек Атамбаев 9-декабрь күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, мамлекеттеги коопсуздук маселелерин талкуулашты.
УКМК төрагасы президентке терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш тууралуу отчёт берди.
Мындан тышкары жолугушуу учурунда Сегизбаев УКМКнын ишмердүүлүгү, улуттук коопсуздук, анын ичинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштү камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан комплекстүү чаралар, антитеррористтик иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу да айтып берди.
Алмазбек Атамбаев менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында террористтик жана экстремисттик, ошондой эле алар менен байланышта болгон уюмдардын ишмердигин аныктоо жана тыюу салуу боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты.
Туркистон:
Сегизбаев аскерий адам эмес. Анын УКМКга тиешелүү иштерде эч кандай тажрыйбасы жок, ал бул тармактын адиси эмес. Сегизбаев Акаевдин маалымат катчысы болуп иштеген. Ал Акаев менен бирге качып кеткендердин катарында болгон. Анын бактысына жездеси Атамбаев президент болуп калып, ал дагы кайрадан башкаруу иштерине аралаша баштады.
Бирок, коопсуздукка тиешелүү иштер бул сыяктуу канцелярия кызматкерлеринин колунда болуп калышы мамлекетти өтө кооптуу жана туруксуз абалга алып барышы мүмкүн. Алар кооп-коркунучтарды чыныгы кылмышкерлерден эмес, тескерисинче, жасалма жана буйрутма кылмыштуу элементтерден издеп, өзүнөн жогорку кожоюндарына толук көз каранды болуп алышат. Бул сыяктуу жетекчилер, жогорку кызматта калууну өзү үчүн өмүр-өлүм маселеси кылып алгандыктан, ар кандай абалда буйрукка гана моюн сунушат. Сегизбаев коопсуздук проблемаларында, ал тургай адистердин кеӊешин тунук түшүнүүгө да жөндөмдүү эмес.
Ар кандай бузуку коррупциялашкан же саясий кылмышкер топтор коопсуздук маселеси бул сыяктуу алсыз адамдардын колунда болушунан пайдаланып, өздөрүнүн мурдагы бир катар кылмыштарын жаап жиберүүгө аракет кылышат. Мисалы, ачык бойдон калып келе жаткан “юпи гейт” деген аталыштагы кылмыш ишин алсак. Бул иш жакындап келе жаткан президенттик шайлоого чейин жабылып кетишинен кимдир бирөөлөр кызыкдар. Ал бузуку күчтөр жакында Жуматаевди кармоо операциясында УКМКга таасирин өткөрүштү. Алар “бул ишке Хизбди айыптуу кыла алабыз” деп Сегизбаевди ишенидиришкен болушу мүмкүн. Себеби, азыртадан ушул багыттагы маалыматтык жүрүштү баштап жиберишти. Иш ээси болбогон адам, ал тургай душмандык кылууда да, өтө көп каталарды кетире берет. Натыйжада болсо, карапайым калктын же мамлекеттин кызыкчылыктарына көптөгөн зыяндарды келтирип койгонун билбей калат.
13 адамды атып өлтүрүү менен аяктаган операция боюнча тергөө баштала элек. Ал да УКМК жана ИИМдин кезектеги окшошпой калган операцияларынын бири болгон. Бул иш да акырындап парда артына сүрүлүп бара жатат.
Мамлекетте болсо, коопсуздук маселеси өтө курчуп бара жатат. Тышкы үчүнчү күчтөр өз алдынча же УКМК менен кызматташтыкта жардыруу иштерин уюштуруп жиберүү туурасында баш катырып жаткан болушу мүмкүн. Себеби, алар Кыргызстанды мусулмандарга каршы катуураак күрөшүүгө үндөп жатышат. Алар маалыматтык чабуул күчөгөн кезде терррордук операцияларды уюштуруу менен кудум отко май чачкандай иш кылышы мүмкүн.
Ошондуктан, УКМК кызматкерлери жасалма ойлоп табылган террористтерди издей беришпестен, чыныгы кооп-коркунучтардын алдын алуу туурасында ойлонушу керек.