Россия менен кызматташуу өтө кооптуу

284
0

Россия менен кызматташуу өтө кооптуу

0hizbБишкектеги абактан айрым мусулмандардын качышынан кийин кыргыз милициясы бүтүндөй өлкө бойлоп кеӊири көлөмдү издөө иштерин баштап жиберди. Бул кылмыш өкмөт, жергиликтүү маалымат каражаттары жана эксперттер тарабынан Ислам жана мусулмандарга каршы кеӊири көлөмдө маалыматтык чабуул жүргүзүлүшүнө өтө ыӊгайлуу болду.

Кыргызстан өкмөтү Россиянын басымынан кийин Ислам жана мусулмандарга каршы ушунчалык кооптуу чараларды көрүүгө киришти. 2006-жылы да ушуга окшогон иш болгон эле. Ошондо Бакиев президент болчу. Бакиев өлкөдө бийлигин бекемдеп алган соӊ, мусулмандарга каршы репрессивдүү иш-чараларды колдоно баштады. Ошол кезде Рафик кары Камалов да өкмөт тарабынан жок кылынды. Вице-премьер болуп иштеген Мадумаров болсо рамазан айт күнү Ноокат шаарында башаламандыктарды келтирип чыгарган эле. Азыркы президент Атамбаев жана учурда өкмөттүк кызматтарда иштеп жаткан жетекчилер ал кезде «адамдарды Аллаху Акбар дегендери үчүн да камакка алабы» деп айтышкан эле.

Өкмөт 2015-жылдын башында маркум Рафик карынын уулу Рашод кары Камаловду камакка алды жана ал дагы деле камакта жатат. Рашод карынын үстүнөн жүргүзүлүп жаткан соттук жараян кудум Бакиев бийлигинин тушунда жүргүзүлгөн соттук жараяндар менен бирдей болууда. Буларга кошумча, өкмөт мусулмандарды жолдон адаштырып, аларды айыптоо максатында Кыргызстан түндүгүндө провокациялык аракеттерди жүргүзүүдө. Бул жолдо бир нече адамдарды террорчулар деген дааба менен өлтүрүп жиберген болсо, бир канчасын камакка алды. Жакында тогуз адамдын түрмөдөн качканы, качуу учурунда туткундар тарабынан камактын үч кызматкери өлтүрүлгөнү жана туткундар жарадар кылган дагы бир офицер болсо ооруканада өлгөнү туурасында кабарлар таркады.

Өкмөт ар дайым ушуга окшогон окуялардын артынан бир нече мусулманды камакка алып, же ар түрдүү жолдор менен куугунтуктап жатат. Бир мусулманга кылынган дооматтын натыйжасында миңдеген мусулмандар куугунтукталууда.

Жакында президенттик админстрациянын башчысы Данияр Нарынбаев паракордук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууда айыпталып камакка алынды. Ага карата козголгон кылмыш иштеринин бардыгы басты-басты кылынат. Бул маселеде президент да, анын админстрациясы да эч кандай – ал тургай моралдык да – жоопкерчиликти мойнуна албайт. Бир нече депутаттар, парламент спикерлери, орган кызматкерлери, прокуратура кызматкерлери жана судьялар «кылмыштуулук» деген спектакль көрүнүшүндө камакка алынууда жана муну бардыгы көрүп-билип турат. Бирок, өкмөт да, маалымат каражаттары да, эксперттер да бул кылмышкерлерге каршы маалыматтык согуш жүргүзүшкөн жок.

Биз эмне үчүн мындай паракор жетекчилерге о.э. алардын Ислам жана мусулмандарга жабыштырып жаткан доомат жана жалааларына ишенишибиз керек? Эмне үчүн кээ бир мусулмандар ишке ашырган кылмыш себептүү Ислам жана мусулмандар айыпталышы керек? Эмне үчүн бул өкмөткө жана анын чиновниктерине карата– алар кылган кылмыштар себептүү – ишенбестигибизди ачык билдирбейбиз? Акыйкатта болсо, алардын кээ бирлери «Биз Исламды өзүнө жашоо образы кылып алып жаткан мусулмандарды жок кылышыбыз керек» деп ачык билдирүү берип жаткан болсо.

Кыргызстан өкмөтүнүн ушул иштери улутчулдук кыймылдарынын принциптерине өтө эле окшошуп кетет. Себеби, бул кыймылдар бир улут өкүлү тарабынан кылынган кылмыш үчүн ошол улут өкүлдөрүнүн бардыгы жоопкер деп билишет. Россиянын Ислам жана мусулмандарга карата болгон мамилеси мына ушул улутчулдук принциптери негизинде жүргүзүлүп жатат.

Бул өкмөт кылмыштарды ишке ашырып, андан соӊ аларды мусулмандарга жабыштырууга аркет кылуу менен Путин режиминин көрсөтмөлөрүн аткарууда. Булардын бардыгы терроризм жана экстремизмге каршы катуураак чараларды белгилей турган мыйзамдарды кабыл алууга чөйрө даярдоо максатында болуп жатат десек адашпайбыз.

Кыргыз өкмөтү Россия басымы астында калганына таптакыр шек-күмөн жок. Ошондуктан, биз бул регион өкмөттөрүн эскертип, аларга: “Бир аз күткүлө, Аллахтын уруксаты менен, Россия жакында бүтүндөй кыйроого учурайт!” – деп айтабыз. Чындыгында эле ал кулап бара жатат. Бирок, Путин жеӊилүүсүн согушка киришүү менен жашырууга аракет кылууда. Эгерде силер да Россиянын Ислам жана мусулмандарга каршы согушунда аны менен бир катарда турган болсоӊор, шашпагыла, мунун натыйжасы силер үчүн кыйроо болот!

Биз Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү, өкмөттү Ислам жана мусулмандарга каршы согушта даяр курал болуудан тыйылууга чакырабыз. Силердин айрым адамдар кылган кылмыш себептүү башкаларга да кылмышкер деген көз карашта карап жатканыӊар, кудум тиги «Ислам Мамлекети» чыгарып жаткан «такфир фатвасына» окшойт. Себеби, алар да армиядагы бир аскер кылган кылмыш үчүн бүт аскерлерди кафир деп эсептешүүдө. Азыр Россия да өтө оор абалда. Ал силерди ар кандай убакта бирер жардам бербей, колдоп-кубаттабай ички согуштарда таштап кетет. Силер болсо Россияны колдоп-кубаттай турган болсоӊор, Афганистан мужахиддери тарабынан Россиянын бир бөлүгү катары силерге каршы баштай турган чабуулдарына бута болушуӊар мүмкүн.

Силердин “Россияны колдоп-кубаттоо аркылуу өлкөнү өнүктүрөбүз” деген үмүтүӊөр да, ушул жолдогу аракеттериӊер да эртенки күнү жаман натыйжаларга алып барышы анык.

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

Расмий сайт: https://hizb-turkiston.net

Электрондук почта: webmaster@hizb-turkiston.net

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here