Россия Сирияда экинчи авиа базасын курмакчы

392
0

Британияда басылып чыгуучу “The Times” гезити Россия Сирияда дагы бир авиа база куруп  жатканы тууралуу жазып чыкты. Гезиттин жазышынча, Хомс шаарынын жанындагы Аш-Шаират авиа базасына Россиядан аскерий адистер жана жабдыктар алынып келинген.

“Аш-Шаират авиа базасы мурдатан бери Россиянын вертолёттору конуучу жай болчу. Бирок, бир ай мурда авиа базага келген аскерий адистер дагы да кененирээк база куруу үчүн даярдык көрө башташты”, – деп айтылат Аш-Шаират авиа базасы Россия үчүн ачып берилгени жөнүндө таркатылган кабарда.

Гезитке интервью берген жергиликтүү булактардын билдиришинче, Аш-Шаират авиа базасында учурда 50-60 чакты орус аскерийлери бар. “Аскерлер үчүн турак-жайлар даярдалган. Бирок, кээ бир аскерлер базага жакын болгону себептүү Хомс шаарында калышууда. Биздин билишибизче, базада 10 самолёт жана 15 вертолёт бар”, – деди булак.

Кабарда айтылышынча, жаӊы курулуп жаткан база менен бир катарда Сирияда согуштук аракет жүргүзүп жаткан Россиянын самолёттору эки эсеге көбөйөт. О.э. атайын операциялар кызматкерлерин өз ичине алган 1000 аскер да алынып келинет.

Таймс гезитинин билдиришинче, Аш-Шаират авиа базасында 45  самолёт ангары (сарайы) бар болуп, алардын ар бири бомбалоого каршы корголгон. Кабарда келишинче, Аш-Шаират авиа базасындагы учуу-конуу жолун карап чыккан Россиянын инженерлери авиа базада бир негизги учуу-конуу жолу эки конуу жолу бар экендигин, алардын бири запастык учуу-конуу жолу экендигин айтышкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here