Каптагаев: Даъват катуу көзөмөлгө алынышы керек

253
0

Акыркы кездерде айрым күчтөр тарабынан кыргыз коомчулугу арасында “Таблиг жамаатына тыюу салуу керекпи, же жокпу” деген теманы негизги орунга алып чыгуу үчүн аракеттер жүрүп жатат. Белгилүү болгондой, бул күчтөр россиячыл топтун жетекчилери жана эксперттерден туруп, алар тарабынан Таблиг жөнүндө сунушталган ар түрдүү божомолдор бул маселенин ого бетер маанилүү болушуна салым кошууда.

 25-ноябрь күнү Россиянын геостратегиялык изилдөөлөр борбору тарабынан Бишкекте уюштурулган тегерек столдо да негизги тема терроризм жана экстремизмге каршы күрөш маселеси болду. Ошол тегерек столдо геостратегиялык изилдөөлөр борборунун өкүлү Евгений Редько “Кыргызстан да ЖККУга мүчө мамлекет катары Таблиг жамаатына тыюу салышы керектигин” Кыргызстан өкмөтүнө эскертип өттү.

 Ошол жыйындан кийин айрым чиновниктер Таблиг жамаатына карата терс  пикирлерди билдиришүүдө. Ошолордун бири, Ысык-Көл областынын губернатору Эмил Каптагаев болуп, ал даъватчылар катуу көзөмөлгө алынышы керектигин айтып чыкты.

 “Дааватты уюштуруудагы түзүмдүн өзү жабык. Он-ондон адамдан турган жамааттын башында амир турат. Анын амири ким экенин, алардын оюнда эмне бар экенин эч ким билбейт. Ушунун өзү кооптуу. Мамлекет ушуга катуу көзөмөл жасаш керек. Жамааттарды ким башкарып жүрөт, алар кимдер менен байланышат? Ошол байланышып жүргөн адамдардын түпкү максаты, ою эмне? Ушунун баары мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек. Мамлекет, коомдук коопсуздук үчүн коркунучу бар түзүм”, – деди Каптагаев.

 Башка эксперт жана саясатчылар сыяктуу эле Эмил Каптагаев да өз пикирин кубаттоо үчүн Сирияга чыгып кеткендерди мисал келтирди.

 “Намаз окуш керек, ыймандуу болуш керек деп жатып, мына азыр көлдөн 45 адам Сирияга кеткени аныкталды. Ошол 45 адамдын 25и бир үй-бүлө. 80ге чыккан кемпир төрт кызын күйөө балдары, 15 небереси менен алып кетти. Алар өздөрү эле кеткен жок да. Аларды бирөөлөр үгүттөдү, азгырды. Ошол эле даават кылды. Ар кайсыны айтып, мээсин айландырып отуруп алып кетишти. Ошолорду үгүттөгөндөр да даават деген нерсе менен жүрүшөт”, – деди Ысык-Көл областынын губернатору.

Туркистон:

Кыргызстанда бирер исламий топ же агымды мисал кылып алуу менен Исламга каршы күрөш жүрүп жатат. Даъват белгилүү бир топ үчүн эле эмес, тескерисинче бүтүндөй мусулмандар үчүн фарз амал болуп эсептелет. Бирок, куфр жана анын малайлары бул акыйкатты ачык айта алышпайт. Алар мусулмандарды “террорист, экстремист, ваххабий, радикал..” деген сыяктуу атамалар менен аташып, алардын арасындагы даъватты фарз деп билип, ушул амалды колунан келишинче аткарып келе жаткандарды ажыратып алмакчы болушат. Алар үммөттү чалгытып, мусулмандарды бири-бирине душман болгон бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүү максатында, бир тараптан жогорудагы сыяктуу бузуку, кыянатчы мусулмандар жардамында тескери үгүттөө иштерин жүргүзүшсө, экинчи тараптан мусулмандардын атынан өздөрү жардыруу иштерин уюштурушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here