Түркия башкы штаб башкармасы Россияга тиешелүү самолёт Түркиянын аба мейкиндигин бузгандыгы себептүү атып түшүрүлгөндүгүн билдирди. Башкы штабдан билдиришинче, орус самолёту беш мүнөттүн ичинде 10 жолу эскертилген. Талап аткарылбагандан кийин чабуул кылынган. Түркия аймагына кирип кеткен орус самолёту Түркия тарабынан атып түшүрүлгөндөн кийин Россия президенти Владимир Путин алгачкы жолу билдирүү берип, Түркияга каршы катуу мамиле билдирди.
“Россия самолётунун Сирияда атып түшүрүлүшү терроризмге каршы күрөш алкагынан тышкарыдагы окуя. Аркабыздан бычак сайды”, “Биздин авиациямиз жана учкучтарыбыз Түркияга таптакыр коркунуч туудурбаган эле. Бул нерсе анык. Самолёт ИШИМге каршы чабуулдарды улантып жаткан эле. Ал Түркия чегарасынан 4 километр алыстыкта болгон. Россия мындай окуялардын алдын алуу боюнча АКШ менен келишим түзгөнүнө карабастан, Түркия Россиянын самолётун атып түшүрдү. Самолёттун атып түшүрүлүшү Түркия-Россия мамилелери үчүн олуттуу натыйжаларга алып барышы мүмкүн. Россия Түркияга кошуна мамлекет эле эмес, дос катары да жакын болчу. Мындай кадамдын кимге пайдасы бар экендигин билбеймин. Бирок, бизге мунун кереги жок. Түркия Россия самолётун атып түшүргөндөн кийин тез арада Россия менен сүйлөшүүнүн ордуна НАТОго кайрылды. Кудум самолётту Россия атып түшүргөнү сыяктуу”, – деди Путин.
Жогорудагы самолёт окуясынан кийин Россия Коргоо министрлиги Түркия менен бардык аскерий алакалар токтотуп коюлгандыгын билдирди. Бул тууралуу Россия Коргоо министрлигинин веб-сайтында Россиянын Башкы Штаб башкармасына караштуу негизги операциялар жетекчилигинин башчысы генерал-лейтенант Сергей Рудскойдун билдирүүсү жарыя кылынды.
Su-24 тибиндеги самолёту атып түшүрүлгөндүгү тууралуу Россия Корго министрлигинин билдирүүсү жарыя кылынгандан кийин Түркиянын Москвадагы элчиканасынын алдында нааразылык акциясы болуп өттү. Ар түрдүү ураандар менен чыккан демонстранттар элчикананын терезесине жумуртка жана таштарды ыргытышты. Имараттын 2-3-кабаттагы терезелери талкаланды.
Москва элчиканасынын басма сөз кеӊешчиси Орхан Газигил полиция элчикананын алдында коопсуздук чараларын көрбөгөндүгүн билдирди.
“Элчикана жайгашкан көчө толук жаап коюлушу мүмкүн эле, бирок полиция андай кылбады. Натыйжада элчикананын имаратына зыян жетти”, – деди Газигил
Жогорудагы окуядан кийин Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Түркияга пландаштырган сапары да токтотулду. Рейтердин кабар беришинче, Россиянын Сочи шаарында журналисттерге интервью берген Лавров Түркияда террорчулук коркунучу өткөн айда Мисирде жардырылган Россия самолётунан аз эместигин баса белгиледи. Франс-Пресстин кабар беришинче, Лавров орус жарандарын Түркияга барбай турууга үндөгөн.