Штайнмайер Россиянын “Чоӊ сегиздикке” кайтышы шарттарын айтты

269
0

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Bild гезитине бергенинтервьюсунда Россиянын “Чоӊ сегиздикке” (G8) кайтышынын шарттарын билдирди.

Анын айтымында, эгерде Россия жана Батыш Украина кризисиндеги тосуктарды жеӊе алса жана тараптар Сирия маселеси боюнча чечимдерди издөөдө ийгиликтүү иштесе, анда Батыш мамлекеттеринде Россияны узак мөөнөткө эл аралык талкуудан четтетүүгө муктаждык болбойт.

Штайнмайердин айтымында, Батышка Россияны жекелеп коюу жана G8’ди G7’ге айландыруу варианты эч качан жакпаган.

Туркистон:

Париж окуяларынан кийин Батыш мамлекеттери Россия менен алакасын жакшырткандай көрүнүп жатышкан болсо да, АКШ жетекчилигинде башталган Россияны жалгыздатып коюу жаза-чараларын колдонуу аркылуу аны биротоло чөгөлөтүү үчүн жаӊы-жаӊы талаптарды көтөрүп чыгып жатышат.

15-16-ноябрь күндөрү Анталияда болуп өткөн “Чоӊ жыйырмалык” (G20) саммитинде АКШ жана Европаниын жетекчи мамлекеттеринин башчылары Россияга каршы колдонулуп жаткан жаза-чараларын дагы алты айга узартууга чечим кабыл алышты.

 АКШ президенти Барак Обама, Германия канцлери Ангела Меркел, Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Италиянын премьер-министри Маттео Ренци жана Франциянын президенти Франсуа Олланддын атынан саммитке катышкан тышкы иштер министри Лоран Фабиус ортосунда болуп өткөн жолугушууда Россияга каршы басымды улантууга келишип алышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here