Проблема каралаган билдирүүлөр менен чечилбейт

281
0

Сириянын Түркия чегараларына жакын жерде жайгашкан “Түркмөн тоосу” аймагында бир нече күндөн бери мусулмандарга карата кыргындар ишке ашырылып жатат. Иран күчтөрү жана Асад армиясы аймакка кургактыктан чабуул кылып жаткан болсо, аларга жол ачуу үчүн Россия күчтөрү асмандан бомбалап жатат. Отуздан ашуун кыштакты өз ичине алган жана жүз миӊге жакын мусулмандар жашаган аймакта кыргын болуп жатат.

Түркияга жакын аймактын Россия тарабынан бомбаланышы адаттагы көрүнүш эмес. Ошондуктан, Түркия өкмөтү бул окуяга мамилесин билдире баштады. Түркиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, орус элчиси министрликке чакыртылып, андан чабуулду токтотуу талап кылынган.

“Түркия тышкы иштер министринин көрсөтмөсүнө ылайык, Россиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карлов министрликке чакыртылып, Россиянын бул чабуулдары террорго каршы күрөш эмес, тескерисинче тынч жарандар үстүнөн бомба жаадыруу экендиги жана бул олуттуу натыйжаларга себеп болушу мүмкүн экендиги баса белгиленди. Россиядан аскерий операцияны тезинен токтотуу талабыбыз бар экендиги билдирилди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Түркия премьер-министри Ахмад Давутоглу болсо Россиянын чабуулдарын сындап, мунун натыйжасында жаңы качкындар агымы пайда болушунан эскертти.

“Биринчиден, тынч жарандарга каршы ишке ашырылган ар кандай чабуулдарга каршыбыз. Экинчиден, чегараларыбызда качкындардын жаңы толкуну пайда болушуна себеп боло турган чабуулдарга болсо бүтүндөй каршыбыз. Үчүнчүдөн, бир нече кылымдардан бери Байирбужакта жашап келе жаткан түркмөндөр башка сириялыктар сыяктуу эле боордошторубуз болуп эсептелишет. Аларга каратылган чабуулдарды катуу каралайбыз жана ар кимди бул жаатта этибардуу болууга чакырабыз. Террорго каршы күрөшүп жатабыз деген дааба менен ал жердеги түркмөн, араб жана күрт боордошторубузга карата ишке ашырылган кыргындарга эч ким мыйзамдуу түс бере албайт. Эгерде жаңы бир качкындар агымы пайда болсо, бул маселеге тиешеси болгон ар ким буга жоопкер болот”, – деди Давутоглу.

Хизб ут-Тахрир Түркия вилаятынын басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар жогорудагы кыргындар жана ага каршы жаӊырган каралоого карата мындай мамиле билдирди:

“Түркмөн кыштактарындагы боордошторубуз бул кыргындардан качып, биздин жерлерибизге баш баанек издеп келишсе, бул – мусулман катары – биз үчүн проблема эмес. Мындан эч бир тынчсызданбагыла. Түркия калкы бул боордошторубузду да бооруна ала турган даражада меймандос. Чыныгы проблема Россиянын бомбалоосу жана режим күчтөрү менен Иран армиясынын чабуулдары каршысында жардамсыз калган мусулмандардын өлтүрүлүшү. Чыныгы проблема Россия жана Иранга чеги көрсөтүп коюлбай жаткандыгында. Чыныгы проблема чегарабызга чейин жетип келген канкор режимдин текебердигине чек коюлбай жаткандыгында. Бул проблема каралоочу билдирүүлөр менен чечилбейт. Канкор Россия менен Иран каралоочу билдирүүлөрдү түшүнүшпөйт, бул билдирүүлөргө көӊүл буруп да коюшпайт. Алардын террорго каршы күрөш шылтоосунда кыргындарды ишке ашыруусу жаңылык эмес. Аллах үчүн мусулмандарга кадыржамдык алып келе турган, кафир Россия жана табакташтарын коркута турган, залим режимге чегин көрсөтүп коё турган амалий кадам таштагыла. Мусулмандарды өлтүрүп жаткан Иранга ушундай бир нота жиберишиӊер керек, натыйжада ал кыянатынан баш тартсын. Түркмөн тоосуна да жана башка аймактарга да жардам бергиле. Себеби, алар кумшекер жана нанга эмес, Түркиянын күчүнө жана аскерлерине муктаж”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here