G20 саммитиндеги негизги тема Сирия жана Ирак

319
0

Экономикалык күчкө ээ 20 мамлекеттин жетекчилери катышуучу G20 саммити Түркиянын Анталия шаарында бүгүн башталды жана эртеӊ да уланат. Экономикалык проблемалар тууралуу баш катырылышы керек болгон саммитте Сирия жана Иракта күндөн-күнгө күчөп бара жаткан кризис талкууга коюлушу пландаштырылган.

Саммитте АКШ президенти Барак Обама менен Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдогандын жолугушуусу да күтүлүүдө. Кабарларда айтылышынча, жолугушуу Сирия жана Ирак маселесинде жүргүзүлүп жаткан кызматташтыкты күчөтүүнүн үстүндө болуп өтөт.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест Сирия жана Ирак маселесин чечүү үчүн учурдан пайдаланып калуу зарыл экендигин билдирди.

“Түрк чегарасынын аркы тарабында жүз берип жаткан окуялардын натыйжасында эсепсиз качкындар Түркияга баш баанек издеп келишүүдө. Түркия сезип жаткан олуттуу басымдарды өз көзүбүз менен көрүп турган соӊ, саммитте катышып жаткан жетекчилер ИШИМди жок кылуу аракеттери жөнүндө талкуу кылбай коюшу мүмкүн эмес”, – деди Жош Эрнест.

Түркия калкы Сирия жана Иракта күчөп бара жаткан зомбулуктар Түркияга да көчүп өтүшүнөн тынчсызданып калышты. Аныгыраак айтканда, ушундай тынчсыздануу пайда кылынды. Ошондуктан, шайлоодо Адилет жана Өнүгүү партиясына добуш беришти. Себеби, алар Эрдоганды коркунучтарды жок кыла турган жана туруктуулукту камсыздай турган жетекчи катары көрүп жатышат.

Эрдоган түзгөн Адилет жана Өнүгүү партиясы он жылдан көбүрөөк убакыт колунда кармап келген бийликти мындан беш ай мурда өткөрүлгөн шайлоодо колдон чыгарган эле. Ал эми 1-ноябрда кайрадан өткөрүлгөн шайлоодо түрк шайлоочулары Адилет жана Өнүгүү партиясынын кайрадан бийликке келишине шарт түзүп беришти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here