Мисирде “Мусулман агайындар” уюмуна жашыл чырак жагылды

266
0

Мисирдин хунта президенти Абдулфаттах ас-Сиси экс-президент Мухаммад Мурси башчылыгындагы “Мусулман агайындар” кыймылын бийликтен четтетип, террористтик уюм деп жарыя кылып, анын бардык мүчөлөрүн камакка таштаган эле. Бирок, бүгүнкү күнгө келип аларга карата жашыл чыракты жага турган жумшак сөздөрдү айта баштады.

Лондонго болгон сапарында ББС телеканалына интервью берген ас-Сиси эгерде Мисир калкы талап кыла турган болсо, террористтик уюм деп жарыя кылынган кыймыл коомдук турмушта кайрадан рол ойношу мүмкүн экендигин билдирди.

“Бул тема өкмөткө же мага байланыштуу эмес. Тескерисинче, Мисир коомуна т.а. калкына байланыштуу. Мисирдиктер тынчтыкты жакшы көрүүчү адамдар, алар зомбулукту жаман көрүшөт. “Мусулман агайындар”га каршы реакция билдиришти. Себеби, алардан тынчсызданып жатышкан болчу. Бул мамлекет баарыбызга жете турган даражада улуу. Алар да Мисирдин бир бөлүгү болуп эсептелишет. Ушундай болгон соӊ, алардын кандай рол ойноосу жаатында Мисир калкы чечим чыгарат”, – деди Мисирдин президенти.

Ошол эле учурда Мисирде  “Мусулман агайындар” кыймылынын 18 жетекчиси соттун чечими менен кара тизмеден чыгарылды. Алардын арасында кыймылдын муршиди Мухаммад Бадиъ да бар. Almesryoon.com сайты сотто иштеген адиске таянып кабар беришинче, соттун жогорудагы чечиминен кийин “Мусулман агайындар” кыймылы өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн кайрадан баштаса болот.

Каирде жайгашкан саясий жана укуктук изилдөөлөр борборунун жетекчиси Ахмад Михран да соттун чечимине оӊ баа берди. Михрандын билдиришинче, “Мусулман агайындар” соттун токтому менен мыйзамдуу абалга келген жана эми ал кайрадан саясий турмушун башташы мүмкүн.

Эскерте кетүүчү нерсе, Мурси бийликтен кулатылгандан кийин “Мусулман агайындар” кыймылынын көптөгөн мүчөлөрү террорчулукта айыпталып камакка алынган. Алардын көпчүлүгү камактардагы кыйноолор астында жан беришкен. Борбору Женевада жайгашкан адам укуктары уюму тарабынан жарыя кылынган отчётко ылайык, Мисирдеги түрдүү камактарда 2013-жылдын август айынын 2015-жылдын сентябрына чейин 323 адам көз жумган. Булардан 121 адам кыйноо, медициналык жардамдан тосуу жана жаман шарттар себептүү өлгөндүгү аныкталган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here