Украина Түркмөнстан газын сатып алууга кызыгуусун билдирүүдө

262
0

Экономикасы негизинен газ жана нефть сатууга байланып калган Россия бүгүнкү күндө олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болуп калганы белгилүү. Орустун улуттук валютасы рублдин курсу да дүйнөлүк базардагы нефтинин баасына карай кээде көтөрүлүп, кээде түшүп жатат. Бул кыйынчылыктарды жеӊип өтүү жана анын терс натыйжаларын мүмкүн болушунча азайтуу үчүн орус өкмөтү ал тургай резервдик фондунан да пайдаланууга мажбур болууда. Бирок ушунча аракеттерге карабастан, өкмөт экономиканы көтөрө албай жатат. Россия учурда башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарга кошумча түрдө андан нефть жана газ сатып алуучу мамлекеттердин саны да азайып бара жатат.

Ушул жылдын октябрь айынын башында Россия газын импорт кылуу боюнча дүйнөдө экинчи орунда туруучу Түркия Россиядан газ сатып алуудан баш тарткан болсо, 28-октябрь күнү Түркмөнстанга келген Украинанын президенти Пётр Порошенко жана Түркмөнстандын Гурбангулы Бердимухамедовдун ортосунда Түркмөнстан Украинага газ жана нефть продукцияларын жеткирип бериши боюнча келишим түзүлдү.

 Мындан тышкары, Украина Түркмөнстанга Европа жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин базарларына чыгышына жардам бере турган болду.

Туркистон:

  Россия кудум Өзбекстан сыяктуу эле өзүн АКШнын кучагына сунуштады. Бирок, АКШ Россияны Өзбекстандын даражасына түшсө гана кабыл алышына ишара кылды. Россия АКШны ыраазы кылуу максатында Сирияда анын кызыкчылыктарын коргоо үчүн согушка кирди. Ал Асадды сактап калуу максатында АКШнын ийгиликсиз долбоорунун натыйжасы болгон “коалициялык оппозициялык күчтөр” деп аталган аскерий даярдыктан өткөрүлгөн күчтөрдү жок кылып берүү үчүн абадан чабуулду баштады. Бул ийгиликсиз, куфрга тобокел кылган кубаттар АКШ тарабынан кудум керексиз мата сыяктуу ыргытып жиберилген болчу. Путин “ИШИМ”ди шылтоо кылып, АКШга проблема болушу мүмкүн болгон күчтөрдү жок кыла баштады. “ИШИМ” болсо, Асадды сактап калууда – өз учурунда билген же билбеген абалында – Россия сыяктуу тосук болуп берген бир уюм. АКШ азырынча аны жок кылмакчы эмес.

Россиянын жогорудагы АКШга жагынуу аракеттеринин бардыгы, аны жакынкы келечекте күтүп жаткан кырсыктуу экономикалык кризистин алдын алуу максатын көздөйт. Россиянын энергетикалык сырьёлорунан Батыш мамлекеттеринин баш тартуусу АКШ башчылыгында ишке ашырылып жатканын Путин жакшы билет.

Бирок, Батыш Россиядан баш тартууну улантууда. Алар АКШ башчылыгында Борбор Азия мамлекеттериндеги Россиянын кызыкчылыктарына каршы олуттуу аракеттерди баштап жиберишти. Батыш жана Япониянын бул жүрүштөрү Россиянын ички жана тышкы саясий, экономикалык кызыкчылыктарына олуттуу сокку берет.

Жогорудагы Украинанын Түркмөнстан менен түзгөн келишимдеринин артында да Батыш мамлекеттери турат. Алар Украинаны, Россиянын газ түтүктөрү аркылуу өтүүчү транзит кызмтынан пайдаланганы сыяктуу эле, бул долбоор ишке ашса дагы кайрадан транзиттик кызматтын акысына өзүнүн экономикасын оңдоп алышына мүмкүнчүлүк жаратып беришмекчи. Бул Украинанын Россия үстүнөн жеӊишке жетишкенден кийинки, анын үстүнө алгачкы жүрүшү деп айтсак да болот. Бул бир ок менен Россияга да сокку болот о.э. Украинанын Батыш үчүн баш оору болуп жаткан экономикасын тикелөө үчүн ыӊгайлуу абалды пайда кылат.

Демек, Батыш дүйнөсү Путинди кечирген жок. Аны кабыл алуу ниети да жок. Россиянын болсо – Путин менен бирге турган соӊ – келе жаткан экономикалык соккулардан кутулуп калышы мүмкүн эмес окшойт.

Путин болсо жогорудагы кемсинтилип жатканын жана кризис туӊгуюгуна кулоо жараянын жашыруу үчүн, Шамда жүргүзүп жаткан согушту күчөтүп бара берет. Россия Шамда кыйроо баткагына батат. Ал өзү менен бирге бир нече союздаш деп билген колония мамлекеттерин да тартып түшүп кетүүгө катуу аракет кылууда. Бирок, бул согушта керек болсо Россиянын да кызыкчылыктары жок. Тескерисинче, Россияны да жана бул согушта ага шерик болгон бардык мамлекеттерди да кыйроо гана күтүп турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here