Куфр мамлекеттери материалдык кызыкчылык үстүндө өз ара күрөшүп жатса да, өздөрү үчүн ортоктош душман кылып белгилеп алган Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө ар дайым пикирлеш болушат. АКШ да Сирияда башталган элдик козголоӊдо Исламий пикир жана туйгулар үстөм келе баштагандан кийин, бул ынкылапты өзү каалагандай жолго салуу үчүн ар түрдүү айла-амалдарды ишке сала баштады. “Женева-1” жана “Женева-2” конференциялары ушулар түркүмүнөн болду. АКШ канкор Башар Асаддын бийликтен кетиши тарапкери болуп көрүнүүгө аракет кылган болсо да, бул күрөштө жеӊиши үчүн Асадга тымызын убакыт жана мүмкүнчүлүктөрдү берип келди. Ал тургай, өзү колдоп келе жаткан Сирия оппозициясы да Асадды бийликте алып кала албады. Ошондон кийин АКШ Сирия согушун Россияны да тартты. Иш жүзүндө кудум Россиянын Сирияда баштаган аскерий аракеттерине каршы экендигин көрсөтүп жаткандыгына карабастан, Россия Сирияга АКШ планы жана уруксаты негизинде кирип барды жана ал жерде да кызматташтыгын улантып жатышат.
Россия куралдуу күчтөрү башкы штабынын башчысынын орун басары Андрей Картаполовдун кабар беришинче, Россия жана АКШ аскерий органдары ортосунда 24 сааттык байланыш каналдарын жолго коюу боюнча меморандумга кол коюлган. Айтылышынча, буга эки мамлекеттин аскерий учкучтарынын биргеликтеги машыгуулары учурунда жетишилген.
“Россия жана АКШ учкучтары – Сирия асмандарында самолёттор кооптуу көрүнүштө жакындашкан абалда экипаж мүчөлөрү жана жердеги кызматкерлер кандай аракет кылышы боюнча – кызматташтыкта машыгуу өткөрдү”, – деп айтылат кабарда.
Кабар берилишинче, Россиянын Хмеймим шаарындагы авиабазада жайгашкан аба-космостук күчтөрү башкаруу пункту жана Катардагы Америка кошуундары штабы о.э. ыкчам топтун штабдары ортосунда өз ара кызматташтык жана маалымат алмашууну жолго коюу маселелери иштелип чыккан.
“Россия аскерий аба күчтөрү жана эл аралык коалициянын самолёттору атайын дайындалган аймакта эӊ аз коопсуз болгон аралыкка жакындашууну ишке ашырышты, алдын ала белгиленген жыштык боюнча орус жана англис тилдеринде бири-бири менен байланышка чыгып, учуу параметрлери туурасында кабар алмашышты”, – деди Андрей Картаполов.