Каримов режиминин Өзбекстандагы жаңы кылмыштары

218
0

444Ислам Каримовдун үстүбүздөгү жылдын март айында Өзбекстан президенти болуп шайланышы кокустук болгон эмес. Анткени, өтө көптөгөн  адистер, эл аралык жана ар түрдүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттары бул шайлоо тууралуу сөз кылышып, анын кайрадан президенттикке шайланышы өзү кабыл алган конституцияга тескери экендигин баяндашты… Ошону менен бирге, бүт дүйнө сүкүт сактады, ал тургай, Каримов  режими демократиялык негизде башкарып  жатат деп алкыштады! Т.а.эл аралык коомчулук, айрыкча,  жетекчи мамлекеттер Каримов  режиминин көптөгөн кылмыштарына көӊүл бурбай жатышат. Ошолордон:

Андижандын куралсыз калкына  каршы ок атышы, пикирий оппоненттер жана жана  пикирге  каршыларды жок кылышы, жоолук оронууга, сакал коюуга жана ак топу кийүүгө тыюу салышы, мамлекеттик кызматкерлердин намаз окушуна тыюу салышы, жаш балдардын мечиттерге киришине тыюу салышы, рамазан айында жамаий иптарлыктарга тыюу салышы о.э.  Өзбекстан режиминин камактар жана убактылуу кармоочу жайларда колдонуп  жаткан кылмыштары… бул режимдин жырткычтыгы туурасындагы акыйкаттардын бири. Диний себептерге ылайык , соттолгондорго тиешелүү болгон 159-берене менен камалгандар  тарабынан бизге бир кат жетип келди. Камактарда жаткан ушул туткундардын добушун, зулумду жана анын азабын сезээр бекен деген ой менен бул катты бүт дүйнөгө жеткирмекчи болдук. Мына ошол туткундар катынын тексти:

“Биз Кашкадарья областы, Касан  шаарындагы УЯ 64/51  камагында жаткан Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрүбүз. Өзбекстан акимдери бул камакты Навойи областы, Зарафшан шаарында жайгашкан УЯ 64/48  камактын формасына айландырууга аракет кылып жатышат. Себеби, бул камакта туткундарга, айрыкча,  Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата ар түрдүү кыйноолорду колдонот… Ошону менен бир катарда,  режим мамлекеттин коргоосу астында болгон, өкмөттүн буйруктарын аткарып, анын атынан жийиркеничтүү иштерди ишке ашыра турган туткундарды бул жерге көчүрүп алып келди. Т.а. Зарафшан шаарындагы УЯ 64/48 камагынан Касан шаарындагы УЯ 64/51 камакка өткөрүштү… 2015-жыл, 19-сентябрда көчүрүлгөн жана камактын админстрациясынын коргоосу астында болгон бул туткундар мамлекеттик саясатка каршы болгондорго карата провакация иштерин баштап жиберишти. Аларды кыйнап, кордоп, шылдыӊдашты. Аларга карата  адатта өлүмгө алып бара турган иштерди кылышты… Андан соӊ алып келинген бул туткундар 2015-жыл, 25-сентябрда УЯ 64/51 камакты “чёрный зона” деп  жарыя кылышты. Бул нерсе кылмышкерлердин пикирлери өкүмдар боло турган зоналарга карата колдонулуучу атама болуп эсептелет. Себеби, камактын  ичкерисинде болуп жаткан окуяларды “ар түрдүү көз караштардагы туткундар күрөшүнүн натыйжасы” деп кароо менен өкмөт өзүнүн кылмыштарын жашырмакчы болуп, чалгытуу максатында кылууда. Бизге анык белгилүү болгондой,  алып келинген бул туткундар мамлекеттин дөбөттөрү болуп, мамлекет тарабынан колдоого алынып келген кылмышкер топтор болуп эсептелишет. Алар аткарып жаткан иштер ар кандай кылмыштуу топ ишке ашыра турган иштерден жаман.

Бул камакка өтүшү менен мамлекеттин дөбөттөрү болгон ушул туткундар өз пикиринде бекем турган Хизб ут-Тахрир жигиттеринин эркин, айрыкча, , Андижан шаарынан Казаков  Ахмаджандын эркин сындырууга аракет кыла башташты. Анын буттарын уруп сындырышты… Андан соӊ анын туугандары көргөнү келгенде мамлекеттин дөбөттөрү болгон туткундар андан аялына  талак берүүнү талап кылышты. Ал муну катуу четке кагып, аларга каршы чыккандан кийин, ошол туткундар УЯ 64/51 камактын админстрациясына 5-октябрь күнү Ахмаджандын курсагын бычак менен жарып таштоого жардам беришти…

Бул камактын ички режими да мамлекеттин дөбөттөрү болгон мына ушул туткундардын колунда. Алар диний себептерге ылайык 159-берене менен камалган туткундарга карата, айрыкча,  Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнөн болгон туткундарга карата жырткычтык иштерди кылып жатышат. Аларды өзүнчө камераларга таштап, ар түрдүү кыйноолорго салышууда… алардын кол-буттары өтө жырткычтык менен сындырылууда. Бул жырткычтар муну менен эле чектелбестен, туткундардын туугандары жолугушууга уруксат алып, жолугушуучу жайга келген кезде, жолугушуу үчүн ажыратылган өзүнчө бөлмөлөргө эскертпестен кирип келишип, аларга кыйынчылык туудуруп, азар берип жатышат…  Абактын ошол дөбөттөрдүн артына жашынып алган жетекчилиги болуп жаткан бул окуялардын баарынан кабардар”. Каттын тексти аяктады.

Эскерте кетүүчү нерсе,  Өзбекстан камактарында Хизб ут-Тахрирдин алты миӊден көбүрөөк мүчөлөрү бар. Алардын көпчүлүгү 1999-жылдан т.а. 16 жылдан бери камакта жатышат. Алардын жаза мөөнөттөрү аяктаган болсо да,  Өзбекстан мамлекети аларды мыйзамдуу түрдө экинчи, үчүнчү, төртүнчү жолу камак мөөнөтүн узартып (раскрутка кылып), кармап турат… Бул абал эркектерге эле чектелип калбастан, муслима аялдар да Каримов камактарында мына ушундай абалдарды башынан өткөрүп жатышат.

Биз ушул орунда бүт дүйнөгө төмөнкүнү кабарлайбыз, бул кылмыштар – инша Аллах – бул дүйнөдө да жазасыз калбайт. Акырет азабы шек-күмөнсүз, оорураак жана түбөлүктүү… О.э. бул кылмыштар Хизб ут-Тахрирдин – сабыр-такаат менен башын бийик көтөрүп, Аллахтын нусратына жана Өз динин азиз кылышы туурасындагы  убадасына ишенген абалда, Исламды турмуш майданына кайтарууга – даъватты улантышын таптакыр токтото албайт. Аллах Таала өзүнүн улуу китебинде айтат:

يُرِيدُونَأَنيُطْفِئُوانُورَاللَّـهِبِأَفْوَاهِهِمْوَيَأْبَىاللَّـهُإِلَّاأَنيُتِمَّنُورَهُوَلَوْكَرِهَالْكَافِرُونَ

Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толо жаюучу”. (9:32)

Хизб ут-Тахрир Өзбекстан.

15-мухаррам, 1437-х.

28-октябрь, 2015-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here