“Намазга эмес бийге”

235
0

Кытай өкмөтү мусулмандарга карата 66 жылдан бери улантып келе жаткан зулум уйғур мусулмандарын алдан тайдырды. Чыгыш Түркстандын Пейзават шаарында коммунист Кытай өкмөтү бүтүндөй мусулман калкты “Намазга эмес бийге” деген аталыштагы коомдук иш-чарага катышууга мажбур кылууда.

“Бул иш-чарага катышуу же катышпастык коммунисттик партия менен Аллахтын ортосун тандоо болуп эсептелет. Т.а. экөөнүн бирин тандоо болуп эсептелет”, – деп жарыя кылынган. Ушуга ылайык, ким бул иш-чарага катышпаса, коммунисттик партияны эмес, Аллахты тандаган болот жана Кытай өкмөтүнүн каарына калат. Ошол себептен улам бардык адамдар, ал тургай карыялар да өкмөттүн кысымы жана зулумунан качып, өздөрүнүн коммунисттик партия тарапкери экендигин далилдөөгө аракет кылууда. Бул үчүн алар жаш-кары, аял-эркек дебестен, кеӊири аянттарда Кытай байрагын көтөрүп алып бийлөөгө мажбур болушууда.

О.э. алынган кабарларга ылайык, Кытай өкмөтү уйгурлардын балдарына айрым исламий аттарды коюуга тыюу салып койду. 22 мусулманча аттан түзүлгөн тизме Кытайда Twitter социалдык тармагы сыяктуу колдонулуучу “Sina Weibo” баракчасында жарыя кылынган.

 Тыюу салынган исламий аттардын тизмесинде Бен Ладен, Саддам, Хусайн, Арафат, Мужахид, Мужахидуллах, Асадуллах, Абдулазиз, Сайфуллах, Жундуллах, Сайфуддин, Зикриллах, Насруллах, Шамсиддин, Фахриддин, Амина, Муслима, Мухлиса, Муниса, Айша, Фатима жана Хадича деген аттар жазылган. Уйгур активисттеринин билдиришинче, Шинжанда тыюу салынган исламий ысымдардын саны 22 ден көбүрөөк.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here