Россия мамлекеттик думасында кээ бир араб мамлекеттерин ШКУ уюмуна мүчө катары кабыл алуу туурасындагы сунуштар жаӊырды. Либерал демократтар партиясынын жетекчисинин жардамчысы депутат Алексей Диденко Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Димитрий Мезенцевге кат жолдоду. Катта Диденко Россиянын стратегиялык өнөктөштөрү болуп эсептелген бир нече араб мамлекеттерин ШКУга туруктуу мүчөлүккө кабыл алууну талап кылды.
Диденко алгач Мисир, Палестина, Ирак жана Сирия мамлекеттери ШКУга мүчөлүккө кабыл алынышы керектигин билдирди. Орус саясатчынын айтымында, Россия Жакынкы Чыгышта жетиштүү таасирге ээ болду. Ошол себептен араб мамлекеттеринин ШКУга мүчө болушу Россиянын региондогу таасирин күчөтөт.
“Биздин Сириядагы ийгиликтүү операцияларыбыз Россиянын региондук бир күч эмес, тескерисинче дүйнөлүк саясатка таасири өтө турган мамлекет экендигин көрсөтүп турат. Эми бул ийгиликти дагы да күчөтүү үчүн стратегиялык өнөктөштөрүбүз болгон араб мамлекеттерин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө кылып, аларга берген жардамыбызды кепилдешибиз керек”, – деди Диденко өзүнүн катында.
Алексей Диденконун айтымында, Палестина биринчи болуп ШКУга мүчө кылынышы керек. Себеби, Палестина өзүнүн маанилүү проблемасы менен башка араб мамлекеттеринен айырмаланып турат.