Асад Путин менен жолугушту

283
0

Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Сирия президенти Башар Асаддын Москвага келип, Россия президенти Владимир Путин менен жолугушкандыгын билдирди. Песковдун билдиришинче, эки президент Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу сүйлөшкөн.

Кремлдин маалымат катчысы Песков болуп өткөн жолугушууда орус өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү да катышкандыгын жана жолугушуу көп убакытка созулгандыгын билдирди. Путин Сириядагы акыркы абал тууралуу толук маалымат алгандыгын айткан Песков, жолугушуу учурунда Асаддын келечеги талкуу кылынгандыгы же талкуу кылынбагандыгы туурасындагы суроого жооп бербеди. О.э. Песков Асаддын Россиядан качан кетиши жөнүндө да маалымат бербеди.

Башар Асаддын чет өлкөгө болгон сапары Россиянын ага берген аскерий жардамынан бир нече апта өткөндөн кийин ишке ашты. Ал 2011-жылы Сирияда козголоң башталгандан бүгүнкү күнгө чейин Дамасктан тышкары чыкпаган эле.

Ак үй менен келишилген абалда Сирия калкын асмандан бомбалап, кыргын кылып жаткан Россиянын кылмыштарына көз жумуп турган АКШ өкмөтү Асадды кабыл алгандыгы үчүн Путинди сындай баштады. Ак үйдүн өкүлү Эрик Шульц Москванын бул иши Сирия кризисин саясий жол менен чечүүгө таптакыр туура келбестигин билдирди.

Туркистон:

Путиндин эл аралык саясаттагы бул аракеттери жана АКШнын буга карата мамилеси бир нече багыттарда бир нече максаттар негизинде калыптанган. Алардын ортосунда жалпы кызыкчылыктар бар. Т.а. Ислам идеологиясына каршы идеологиялык күрөш негизиндеги мусулмандарга каратылган жалпы багыттарда күтүлүүчү куфр дүйнөсүнүн ортоктош кызыкчылыктары. Мында АКШ Сирия мамлекетин стабилдештирүү максатында Асад режиминин ордуна даярдап келе жаткан муътадил оппозициялык күчтөр ийгиликсиздикке дуушар болду. Бул аракети да жокко чыккандыктан эми ал Россия аркылуу Асадды бийликте калтыруу планы менен аракет кыла баштады. Себеби, исламий кыймылдар АКШ менен канчалык кызматташтыкта иш жүргүзүшпөсүн, куфр дүйнөсү баары бир аларга ишене албайт. Ошондуктан, АКШ Асадды Россия менен өнөктөш абалда болсо да бийликте кармап турууга мажбур болуп калды.

Мындан тышкары, АКШ, Россия жана башка куфр мамлекеттеринин ар биринин жеке кызыкчылыктары да бар. АКШ бул багытта да – жогорудагы Путиндин иш-аракеттерине карата парралел көрүнүштө – каршылык аракеттерин жүргүзө берет. Т.а. Асадды кабыл алганы үчүн ага каршы маалыматтык чабуул уюштуруу же санкцияларды күчөтүү сыяктуу.

Бирок, Россиянын Украинага расмий түрдө аскер алып кирүүгө ишара кылганда, АКШ Россияга каршы согуш ачып жиберүү менен коркутту. Натыйжада Россия Украинадан аскерий техникаларын алып чыгып кетүүгө мажбур болду. Демек, АКШ кааласа Россияны Сириядан чыгарып жибере алат.

Сирия маселесинде АКШнын өзү Россияга жашыруун демөөрчүлүк кылып келе жатат. Ал Россияга каршы сүйлөгөндөн ары өтпөйт. Бирок, Россия да өз кезегинде АКШнын кызыкчылыктарына тескери аракет кылбайт.

Ошого карабастан, АКШ Россияны талкалап жиберүү максатынан баш тарткан жок. Россия өзүн курман кылып жибериши мүмкүн болгон тобокелдик менен Путинди эле эмес, АКШны да белгилүү болгон абалдан убактылуу болсо да куткарып калууга аракет кылып жатат. Т.а. Сириядагы АКШнын долбоорлору жокко чыгышынын артынан ал ыӊгайсыз абалда калган болчу. Путин болсо Россияны башкарууда аны туӊгуюкка кептеп койгондугунан улам кооптуу абалда туруп калган эле.

Муну “эки душман мамлекеттердин башчыларынын убактылуу кызыкчылыктары бири-бири менен туура келип калышы” деп айтсак туура болот. Бирок, эки абалда теӊ Россия жана орус калкы өтө чоӊ зыян тартышы анык. Болгону убакыт маселеси гана калды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here