Өзбекстан: Доллардын “кара базар”дагы баасы 5500 сомдон ашып кетти.Ишкерлер бир четинен банкроттук туурасындагы арызын бере башташты.

232
0

Өзбекстанда доллардын “кара базар”дагы баасы 5500 сомдон (өзбек сомунан) ашып кетти. Dollar uz.com сайтынын маалыматына ылайык, 22-октябрь күнү жергиликтүү убакыт менен саат 12:03тө  акча алмаштыруучу жайлар америка валютасын 5500 сомдон сатып алып, 5530 сомдон сатышты.

20-октябрь күнү доллардын наркы 5600 сомго чейин чыгып кеткен, ошол күнү кечке барып 5200 сомго токтоп, эртеси күнү дагы кайрадан көтөрүлө баштаган эле. Акыйкатта болсо, 12-октябрь күнү долларды 5030 сомдон сатып алууга болот эле.

Ошентип, 2015-жылдын башынан бери өзбек валютасынын куну 50 пайыздан көбүрөөк– 3450 сомдон 5500 сомго чейин – төмөндөп кетти.

Ошону менен бирге, доллардын расмий курсу 2663 сомду түзөт. Борбордук банк курсунун өсүү көрүнүшүн талдай турган болсоӊуз, 2015-жылдын башында доллар аптасына 5-6 сомдон көтөрүлгөндүгүн, октябрдан баштап 14 сомдон өсүп жатканын көрүүгө болот. Мисалы, 29-сентябрь күнү доллардын расмий курсу 2621 сом, 6-октябрь күнү – 2635 сом, 13-октябрь күнү – 2649 сом, 20-октябрдан баштап 2663 сомду түзүүдө.

Доллардын тездик менен кымбатташы өзбекстандык ишкерлерге да зыянын тийгизди. “Фергана”агенттигинин Ташкенттеги булактары кабар беришинче, Өзбекстан борборундагы салык инспекциясы ишкерлердин банкроттук туурасындагы арыздарын каттоого алууга үлгүрбөй жатышат. Юнусабад районунун салык кызматкерлеринин айтымында, 21-октябрь күнү алар ушундай маанидеги 80 арызды кабыл алышкан.

Бир катар белгилерди эсепке алган абалда бүгүнкү күндө өзбек валютасынын девальвациясы эле эмес, дефолту – т.а.мамлекет ички жана тышкы карыздарын төлөөгө алсыз болуп калгандыгы – туурасында сөз кылууга болот. Буга пенсиялардын кечиктирилишин, пенсионерлердин мажбурлап пластик карталарга өткөрүлүшүн мисал келтирүүгө болот. А бирок, Өзбекстан расмийлери мамлекеттин экономикасындагы проблемаларды моюнга алгысы келбей: “Биз өнүгүп жатабыз, 9 айдын жыйынтыгы боюнча ИДП 8 пайызга өстү. Мамлекеттик бюджет профицит менен аткарылды. Инфляция даражасы прогноз кылынган параметрлерден ашпады”, – деп айтып жатышат.

P.S. Ушул кабар сайтка коюлуп жаткан кезде Өзбекстанда доллардын баасы 5900 сомго чыкты.

Булак:“Фергана” эл аралык агенттиги.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here