Асад: Жаңы коалиция жеӊиши керек

337
0

Сирия президенти Башар Асад Россиянын Сирия аймагындагы  аскерий операцияларда ийгиликке жетишүүсү Жакынкы Чыгыштын жок болуп кетишинин алдын алуу үчүн маанилүү фактор болуп эсептеле тургандыгын билдирди. Асаддын баса белгилешинче, Россиянын Сирияда ийгиликке жетишүүсү өмүр-өлүм маселеси болуп эсептелет.

Асад Ирандын “Хабар” маалымат агенттигине берген интервюсунда: “Терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн (Россия, Сирия, Иран жана Ирак тарабынан) түзүлгөн жаңы коалиция жеӊишке жетишүүсү керек. Антпесе, бир-эки мамлекет эмес, бүтүндөй региондун жок болуп кетүү коркунучунун астында турабыз”, – деди.

Россия жана Иран тарабынан ишке ашырылып жаткан операциялардан үмүткөр экендигин билдирген Асад АКШ башчылыгында араб мамлекеттеринен түзүлгөн коалиция эч кандай пайда келтирбегендигин баса белгиледи. Асаддын айтымында, алар ишке ашырган аскерий операциялар террористтердин (мужахиддердин) көбөйүүсүнө гана салым кошкон.

“(АКШ башчылыгында түзүлгөн) колициянын акыйкаты ушул, бир жылдан ашуун мезгил өттү, а бирок, ал бирер натыйжага жетише албады. Тескерисинче, терроризм аймагы кеӊейди жана алар көптөгөн адамдарды катарына кошуп алууга жетишишти”, – деди Сирия президенти.

Туркистон:

Башар Асад “Антпесе, бир-эки мамлекет эмес, бүтүндөй регион жок болуп кетүү коркунучу астында турабыз” деген сөздөрү менен Халифалыктын тикеленишине ишара кылууда. Халифалык мамлекетинин тикелениши бүтүндөй адамзат үчүн жакшылык алып келиши менен бирге, калктардын байлыктарын талап-тоноого негизделген колонизатор мамлекеттер үчүн жана алардын региондогу малайлары үчүн реалдуу коркунуч болуп эсептелет. Ошондуктан да акыркы он жылдын арасында Буш, Путин, Рамсфелд, Блэр сыяктуу дүйнөнүн бир катар жетекчилери мындан эскертип бир нече жолу билдирүүлөрдү беришти. Алардын билдирүүлөрүнөн Халифалыктан коркуп жатышканы ачык көрүнүп турат. Ошону менен бир катарда, жакында эле Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Шам козголоңу Халифалык мамлекети тикеленишин көздөй бара жаткандыгынан бир нече жолу эскертти. Мындан мурда Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллим Халифалык мамлекети тикеленип кетишинен эскертип: “Сирияда Исламий Халифалык тикелөөнү каалап жатышат. Алар курмакчы болуп жатышкан мамлекет Сирия менен эле чектелип калбайт. Ошол себептен улам биз Сирияда эле эмес, Иордания, Ливан жана Түркия ичинде да коргоону күчөтүшүбүз керек”, – деген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here