Россия Борбор Азияда таасирин күчөтүүгө умтулууда

285
0

 Афганистанда Талибан кыймылынын жана “ИШИМ” согушкерлеринин активдүүлүгү күчөп кеткендиги шылтоосу менен Россия Борбор Азияда аскерий аралашуусун күчөтүүгө олуттуу көӊүл бурууда.

8-октябрь күнү РФнын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов башчылыгындагы аскерий делегация жумушчу сапар менен Өзбекстанга келип, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушкан болсо, ошол эле күнү Россия Тажикстан менен биргеликте Душанбеден 30 км аралыкта жайгашкан “Айний” аэродромунан пайдалана баштаганы туурасында кабар берилди.

Борбордук аскерий округдун маалымат кызматынын шаршемби күнү берген кабарына ылайык, Россиянын Тажикстандагы 201- аскерий базасына вертолёттордон турган авиа топ кошулду.

 Кабарда айтылышынча, жогорудагы авиа топ Тажикстандын Гиссор районунда жайгашкан “Айний” аэродромуна жайгаштырылат о.э. Ми-24П жана Ми-8МТВ согуштук-транспорт вертолёттору менен камсыздалат.

Туркистон:

Рамзан Кадыров твитер баракчасында жазышынча, ал Афганистандын вице президенти генерал Достум менен жолугушкан. Алар негизинен ИШИМ уюмунун Афганистандагы канаты өтө тездик менен өнүгүп бара жатканынан тынчсызданып жатканы туурасында о.э. бул проблемалардын чечиминде Россиянын жардамы туурасында сүйлөшкөн имиш.

Демек, Афганистан өкмөтү да Асаддын режими сыяктуу эле Россия менен кызматташуу ниетинде. Генерал Достумдун өз армиясы бар болуп, ал Орто Азия мамлакеттерин тосуп туруучу негизги буфердик аймакты түзөт. Бирок, Афганистанда пайда болуп жаткан кырдаалдын Россия сыяктуу кубаттуу мамлекеттин түздөн-түз аралашуусун талап кыла турган көрүнүштө олуттуу түс алып кетүү коркунучу бар. Бул АКШнын Россия үчүн даярдап бара жаткан ИШИМдин экинчи же Кавказда да пайда болушу менен үчүнчү “башы” болушу мүмкүн. Россия ИШИМди мазлум кылышы менен аны Ислам жана мусулмандардын кучагына салып берет. Натыйжада мусулмандар ар жерде мазлум мусулман боордошторунун атынан Россияга каршы жихадий аракеттерди баштай беришет. Керек болсо, Россиянын ичинде да болушу мүмкүн.

Россия ошол пайда болуп бара жаткан абалды сезе баштап, кырдаалдан пайдалануу менен Орто Азия мамлекеттериндеги аскерй позицияларын бекемдеп алмакчы болууда. Орто Азия мамлекеттеринин башчылары болсо, Россияны Сириядагы аскерий жүрүшүндө колдоп жиберүү менен, чындыгында Россиянын башына түшө турган аянычтуу абалга шерик болуп калышы мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here