Россия узак убакыттан бери Сириядагы аскерий аралашуусун т.а. Сирия канкору Башар Асадды аскерий жактан колдоп-кубаттап келе жатканын жашырууга аракет кылып келди. Бирок, бул аракеттери натыйжа бербегенден кийин Башар режимин аскерий техникалар менен камсыздап келгенин моюнга алган болсо да аскерлерди жибергенин четке какмакчы болду. А бирок, мунун да өтөөсүнөн чыга албады. Бүгүнкү күнгө келип болсо орус аскерлеринин арасында Сирияга баруудан баш тартуу күчөп бара жатканы белгилүү болду.
“Газета.ru” сайтынын кабар беришинче, Россия Сирияга аскерий техникаларды жана аскерлерди жөнөтүп жатат, а бирок, бардык аскерлер эле согушууну каалап жаткан жери жок, айрымдары болсо Сирияга баруудан баш тартууда.
Сайттын кабар беришинче, 17-август күнү РФ Чыгыш аскерий округунун командачылыгы “эӊ келечектүү” болгон келишим негизинде кызмат өтөп жаткан 20 аскерди топтогон. Алар аскерий техникаларды жүктөө үчүн 27-август күнү Новороссийскке жакын жердеги Тоннельная станциясына барышы керек болчу. А бирок, Навороссийскке жөнөгөндүн алдында командири аларды аскерий бөлүккө топтоп, “ысык мамлекетке” жиберилиши мүмкүн экендигин айткан.
“Аскерий бөлүктө командирлерибиз бара турган мамлекет өтө ысык болушун, өздүк гигиенаны унутпастыгыбызды жана аскерий бөлүктөн бир кадам да чыкпастыгыбызды айтышты о.э. туткунга түшүп калганыбызда жана сурак учурунда өзүбүздү кандай кармашыбызды түшүндүрүп беришти. Ал жерде биз үчүн ыӊгайсыз аба ырайы болуп жыландар көп экендигин айтышты. Ал эми Башкы штабдын жашыруун көрсөтмөсү экендигине ишара кылуу менен кайсы жерге жөнөтүп жатышканын так айтышпады”, – деди Сирияга баруудан баш тарткан аскерлердин бири.
Мындан тышкары аскер кызматкери Н. Алексейдин сайтка билдиришинче, жаңы чогулган топко жаңы курал-жарактар өтө тез расмийлештирилген. Түпкүлүгүндө болсо орус армиясында мындай кагаз иштери бир нече айга созулушу мүмкүн, а бирок, бул ирет бардык зарыл болгон документтер бир нече саатта даяр болгон.
Алексейдин айтымында, аскерлер аларды Краснодарсктагы Темрюк шаарына алып барат го деп ойлошкон. Кийинчерээк, поездде Ростовго чейин жүрүшкөндөн кийин, Донбасска баратабыз го деп божомолдошкон, а бирок, аларды Сирияга жөнөтүп жатышкан экен.
16-сентябрь күнү аскерий бөлүккө Башкы штабдын өкүлү келген жана Сирияга жөнөтүү туурасындагы буйрук жашыруун экендигин айткан. Ал ротанын Сириядагы Латакия шаарына жиберилишин жана аскерий операцияларда катышуусу мүмкүн экендигин четке какпаган.
Келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскерлер расмий түрдө бул сапардан баш тартмакчы же кызматтан бошонуу туурасындагы арызды жазмакчы болушкан. Бирок, нөөмөтчү офицер алардын арызын кабыл алуудан баш тарткан.