Керри: Асад кетет, а бирок азыр кетиши шарт эмес

236
0

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия маселесин чечүү боюнча күтүүсүз билдирүү менен чыкты. Ушул кезге чейин Сириянын келечеги Асадсыз уланышы туурасында тынымсыз билдирүү берип келген Керри бүгүнкү күнгө келип, анын азырынча бийликте калышын макул көрө тургандыгын билдирди.

Керри Асаддын кетиши туурасында берилген суроого: “Асад бийликтен кетиши керек. А бирок, анын кетиши биринчи күндөн же биринчи айдан болушу шарт эмес”, – деп жооп берди.

Англиянын борбору Лондондо саясий маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Керри англис кесиптеши Флипп Хаммонд менен жолугушту. Керри жолугушуунун артынан билдирүү берип, сүйлөшүү учурунда Сирия маселеси да талкуулангандыгын баса белгиледи.

“Сирияда көптөн бери уланып келе жаткан согуштарды токтотуу үчүн бардык мамлекеттер бир жакадан баш чыгарып аракет кылууну кечиктирип болбойт. Бул жаатта Хаммонд менен пикирибиз бир”, – деди АКШнын башкы катчысы.

Европадагы качкындар проблемасы Сирияда жүрүп жаткан согуштун натыйжаларынан экендигин айтып өткөн Керри: “Россия ИШИМге каршы бир кыйла согушуусу керек окшойт”, – деп кошумчалады.

Керри Сирияда саясий чечим табуу маанилүү экендигине басым жасап, таасир күчү бар мамлекеттер бул иш үчүн жардам беришинен үмүттөнгөндүгүн билдирди.

Керринин баса белгилешинче, эгерде Россия Асадды сүйлөшүүгө ыраазы кылса, АКШ аны менен сүйлөшүүгө даяр.

Ал: “Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз зарыл. Россия, Иран жана таасир күчүнө ээ болгон башка мамлекеттер биригип, буга жардам беришет деген үмүтүбүз бар. Себеби, Сирия кризисин чечүүгө мына ушул нерсе тоскоол болуп жатат”, – деди.

Асад менен сүйлөшүү столуна отурууга даяр экендигин дагы бир жолу кайталаган АКШнын мамлекетик катчысы: “Асад чындап эле сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даярбы? Россия Асадды сүйлөшүүгө алып келе алабы?” – деген суроону берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here