Хизб-ут-Тахрир амири аалым, шайх Ато ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы колдонуучулардын берген суроолоруна жооптору (фикхий)
Samia Alshami тарабынан берилген суроого жооп: аял кишинин кызыл ашык томугунан ылдыйкы бөлүгү аврат
Суроо:
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!
Жалпы (коомдук) турмушта аял кишинин кызыл ашык томугунан ылдыйкы бөлүгү ачык болушу жайизби, кызыл ашык томугунан ылдыйын ачуунун арамдыгы анын башка авраттарын ачуунун арамдыгына барабарбы? Жеке турмуштун чегарасы кандай т.а. үйдүн ичи гана жеке турмуш, ал эми, тышкарыда үйүнө коңшу тарап жалпы турмуш, ошондойбу? Жилбаб туурасындагы аяттагы төмөн түшүрүп кийүү сөзү кызыл ашык томугунан ылдыйын да өз ичине алабы? Кызыл ашык томугунун ылдыйкы бөлүгүнүн сыпаттары айтылганбы? Сиз, шайхибизди, Аллах жакшылык менен сыйласын.
Жооп:
- Жеке турмуштун чегарасы – үйдүн аял киши аврат жерлерин ача ала турган жана намахрам көрбөй турган жайы. Бул болсо, үйдүн чегарасынан тышкарысы жеке турмуш эмесин түшүндүрөт. Мисалы, аял үйү жайгашкан турак-жайдагы дүкөнгө (этаж үйлөрдүн төмөнкү кабаттарындагы дүкөндөр да назарга алынууда. ред.) бир нерсе алуу үчүн чыкса, авратын жаап, шаръий кийим кийип алуусу керек. Анткени, жеке турмуш – жогоруда айтканыбыздай – аял киши аврат жерлерин ача ала турган жана намахрам көрбөй турган жай т.а. үйү ичиндеги жай.
- Кызыл ашык томугунун ылдыйы аврат, аял киши аны жаап жүрүшү зарыл. Буга далил:
а) Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:
يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ قُلْ لأَزْوَاجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَاءِ الْمُؤْمِنِينَ يُدْنِينَ عَلَيْهِنَّ مِنْ جَلابِيبِهِنَّ ذَلِكَ أَدْنَى أَنْ يُعْرَفْنَ
«Эй пайгамбар, жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын, үстүлөрүнө жилбабдарын түшүрүшсүн, мына ушул алардын таанылып, азар тартпашы үчүн эң жакын (жол)» [33:59]
Т.а. үстүндөгү жилбабдарын ылдый түшүрүшсүн дегени. Аяттагы «يدنين» «төмөн түшүрүү» жилбаб эң кеминде кызыл ашык томугуна жеткирилип, аларды жаап турганда гана ишке ашат. Ансыз «төмөн түшүрүү» жүзөгө чыкпайт. Эгер, кызыл ашык томугунун ылдыйы байпак же туфли менен жабылган болсо, анда, жилбабды кызыл ашык томугуна чейин түшүрүү менен аяттагы «төмөн түшүрүү» мааниси жүзөгө чыгат. Бирок, кызыл ашык томугунун ылдыйы байпак же туфли менен жабылбаган болсо, жилбаб кызыл ашык томугунун ылдыйкы бөлүгүн жабышы үчүн жерге чейин жетиши шарт. Бул болсо кызыл ашык томугунун ылдый бөлүгү аврат экенин түшүндүрөт.
б) Ибн Умардан риваят кылынат: Расулуллах A мындай деген:
«مَنْ جَرَّ ثَوْبَهُ خُيَلاَءَ لَمْ يَنْظُرِ اللهُ إِلَيْهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فَقَالَتْ أُمُّ سَلَمَةَ فَكَيْفَ يَصْنَعْنَ النِّسَاءُ بِذُيُولِهِنَّ قَالَ يُرْخِينَ شِبْرًا فَقَالَتْ إِذًا تَنْكَشِفُ أَقْدَامُهُنَّ قَالَ فَيُرْخِينَهُ ذِرَاعًا لاَ يَزِدْنَ عَلَيْهِ»
«Кимде-ким текебердик кылып этектерин сүйрөп жүрсө, Кыямат күнү Аллах ага карабайт». Ошондо Умму Салама сурады: «Анда аялдар этектерин эмне кылышат?». Айтты: «(Тизелеринен) бир сөөм түшүрүшсүн (узартышсын)». Айтты: «Анда буттары ачылып калат го?». Айтты: «(Тизелеринен) бир зиро (т.а. биро билек) узундукка узартышсын. Мындан ашырышпасын» (Тирмизий иштеп чыккан жана хасан сахих деген).
Бул хадис аял киши кызыл ашык томугунан ылдыйкы бөлүгүн жабышы шарттыгын ачык-айкын көрсөтүп турат. Умму Салама I аялдар этектерин жерде бир сөөм узундукта сүйрөп жүрүшкөндө, айрыкча, жылаңайлак жүрүшкөндө кызыл ашык томугунан ылдый бөлүгү ачылып калуу ыктымалынан кооптонду. Исламдан мурун аялдар көп учурларда жылаңайлак жүрүшкөн. Умму Салама Iнын кооптонушу артынан Расулуллах A аял кишинин этеги бир зиро (бир билек) узундукта болушуна, андан узартпоого уруксат берди. Хадистеги «Анда буттары ачылып калат го?» деген сөзүндө иллет даана өкүрүнүп турат.
Кыскасы, кызыл ашык томугунун ылдый бөлүгү аврат болуп эсептелет, аны башка аврат жайлары катары жабуу керек.
- Маалымат үчүн айтып өтөмүн: Абу Ханифа кызыл ашык томугунун ылдый бөлүгүн көрсөтүү жайиз деген. Анткени, ал киши Аллах Субханахунун:
وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا مَا ظَهَرَ مِنْهَا
«Көрүнүп тургандан башка жасалгаларын көрсөтүшпөсүн» [24:31]
деген аятынын тафсиринде, «مَا ظَهَرَ مِنْهَا» сөзү бет жана алакан гана эмес, кызыл ашык томугунун ылдыйкы бөлүгү дагы кирет деген раъйды билдирген. Бирок, бул раъйга караганда – жогоруда айтканыбыздай – ушул аяти карима жана Бухарий хадиси далалатынан келип чыккан раъйыбыздын ыктымалы күчтүүрөөк. Дагы Аллах жакшы билүүчү жана хаким Зат.
Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта
30–зул-каъда, 1436-х.
14–сентябрь, 2015-м.