Ташкентте ШКУнун аймактык антитеррор түзүмүнүн жыйыны болуп өттү

285
0

18-сентябрь күнү Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын төрагалыгында ШКУнун аймактык антитеррор түзүмүнүн кезектеги 27-жыйыны болуп өттү.

Анда Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана ШКУ аймактык антитеррор түзүмүнүн аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө ШКУнун аймактык антитеррор түзүмүнүн аткаруу комитетинин буга чейин кабыл алынган токтомдорду ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгү каралды. Комитеттин жана ШКУга мүчө мамлекеттердин чегара кызматкерлери эксперттер тобунун ишмердүүлүгү тастыкталды.

 Түзүмдүн террорчулук, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөштөгү ишмердүүлүгүн активдештирүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыкты.

  ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгында өткөрүлгөн “Борбор Азия Антитеррор – 2015” деген аталыштагы машыгууларга жогору баа берилди.

 Жыйында ШКУнун аймактык антитеррор түзүмүнүн өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин тийиштүү органдарынын кызматкерлери жана антитеррор аткаруу комитетинин бир катар кызматкерлери сыйланышты.

 ШКУ аймактык антитеррор түзүмүнө төрагалык кылуу Өзбекстан Республикасынан Казакстан Республикасына өткөрүп берилди.

 Булак: “sharh.uz”

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here