Россия Сирияда авибаза курмакчы

306
0

Россия Сирияда аскерий самолёттор учуп-конуучу авиабаза куруу ниетинде. Бул тууралуу Германияда чыгуучу “Frankfurter Allgemeine Sonntagszeitung” гезити коопсуздук күчтөрүнүн атын ачыктоону каалабаган кызматкерине таянган абалда кабар таркатты. Кабарда Сириянын Жаблах шаарына жүздөгөн орус аскерлери жиберилиши да айтылды.

Газета Россиянын Сирияда курмакчы болуп жаткан аскерий базасы сентябрь айынын аягында бүтө тургандыгы жана ал үчүн “Antonov AN-124” тибиндеги карго самолёту аркылуу жүзгө жакын каттам ишке ашырылышы туурасында жазды. Карго самолёту менен жиберилген аскерий жабдыктар арасында бронетехникалар, аскерий транспорт каражаттары, граната атуучу жана заманбап телекоммуникация жабдыктары бар экендиги айтылууда. Кабарга ылайык, миӊ аскер жиберилиши пландаштырылган базада азыр жүзгө жакын аскер бар.

Сириядагы орус аскерий базасынын 28-сентябрда курулуп бүтүшү туурасында жазган гезит Россия президенти Владимир Путин Нью-Йоркто уюштурулган БУУнун башкы ассамблеясында терроризмге (Исламга) каршы жаңы коалиция түзүү туурасында айтып, бул аркылуу ИШИМге каршы күрөш жарыя кылгандыгын кошумча кылды. Гезиттин жазышынча, Путиндин жаңы коалициясынын Кавказ жана Орто Азия мамлекеттерине да таасири болот.

Акыркы жетип келген кабарларга ылайык, Россия президенти бир нече аптадан бери жогорудагы коалицияны түзүү үчүн аракет кылууда. Т.а. Путин өзүнүн коалиция түзүү планына эӊ алгач АКШ, андан кийин болсо Түркия, Иордания, Мисир жана Саудияны көндүрүү үчүн бар болгон күчүн жумшап жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here