Германиянын Тышкы иштер министри: Мигранттар Европада өздөрү үчүн жер тандоого акылуу эмес

298
0

“кun.uz” сайтынын кабар беришинче, Германия тышкы иштер министри Томас де Мезьердин айтымында Европага жардам сурап келип  качкындар бул жерде өздөрү үчүн ыӊгайлуу жерлерди тандоого акылуу эмес.

Ал Der Tagesspiegel басылмасына берген интервьюсунда: “Биз аларга өздөрү кайсы жерди кааласа, ошол жерге жайгашуусуна жол бербешибиз керек”, – деди.

Анын айтымында, качкындар алгач башка мамлекетке, жакпаса башка экинчи мамлекетке көчүп өтүшүнө жол берилбеши керек.

Европа Союзу мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери 14-сентябрь күнү 160 миӊ мигрантты континент бойлоп таркатуу маселесин чечүү үчүн Брюсселде жолугушат.

Айта кетүүчү нерсе, Чехия мигранттарды квоталар боюнча бөлүштүрүп алуу боюнча сунуштарга ыраазы эместигин алда качан эле билдирген. Чехиянын премьер-министри 1,5 миӊ мигрантты гана кабыл алышын айткан, Европа Союзу тарабынан сунушталган квотада болсо Чехия үчүн 3 миӊге жакын мигрант бөлүнгөн болчу.

Мындан тышкары, Латвияда да Брюссель тарабынан сунушталган бул демилге колдоого алынбады.

Туркистон: Учурдагы дүйнөлүк система башкарып келе жаткан дүйнөлүк ааламдаштыруунун натыйжасында Европа Союзуна мүчө болгон бир катар мамлекеттер жетекчи биринчи мамлекеттер катарында болсо, Франция, Германия сыяктуу кээ бирлери экинчи, өнөржайы өнүккөн, бирок, аларга көз каранды мамлекеттер катарында калып кетишти. Бул дүйнөлүк системадагы жаңыча колония кылуу ыкмасы болуп, экинчи тайпадагы мамлекеттер аскерий өнөржайга тиешелүү иштеп чыгаруу менен гана алектенишпейт. Алардын ар бири белгилүү бир жетекчи мамлекетке байланган болуп, курал-жаракты ошол мамлекеттен гана сатып алышат. О.э. алар башка мамлекеттерди өз кызыкчылыктары үчүн өз алдынча колония кылуу укугуна да ээ эмес. (Кудум Канаданын компаниясы Кыргызстандын алтын кендерин АКШнын колдоосу астында басып алганы сыяктуу.)

Үчүнчү агрардык мамлекеттер: Булар өз алдынча өнөржайын өнүктүрүү укугунан айрылышкан. Аларга жогорудагы биринчи жана экинчи тайпадагы жетекчи жана бай мамлекеттердин өнөржайлары үчүн сырьё жеткирип берүү милдети жүктөлгөн. Мындан тышкары, эл аралык саясатта алардын дээрлик салмагы жок. Ушундан келип чыгып, дээрлик бардык согуш жана аскерий кагылыштар ушул тайпадагы мамлекеттерде жана алардын жарандарынын катышуусунда жүргүзүлөт.

Бирок, ааламдаштырылып жаткандагы мыйзам-эрежелерде, согуштук абалдарда же башка жаратылыш кырсыктары сыяктуу массалык качкындар пайда кылына турган бардык абалдарда куфр чоӊдору аларга ар тараптуу жардам бериши туурасындагы беренелер да бар. Европа Союзу мамлекеттери алдында ушул мыйзам проблемаларды пайда кыла баштады.

Батыш мамлекеттери ушунча жылдардан бери ошол качкындардын эмгеги жана алардын табигый байлыктары акысына жыргал жашоодо жашап келе жатышат. Каддафий сыяктуу бул түзүмдү бузууга аракет кылгандарды миӊдеген адамдарга кошуп өлтүрүп жиберишет. Бирок, бир жолу өздөрү үчүн мыйзамдаштырышкан милдеттерин аткаруунун убагы келгенде өтө шерменде көрүнүштөрдү пайда кылып жатышканына күбө болуп жатабыз.

Негизги проблема Европа Союзунда эмес. Тескерисинче, ушундай куфр кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып келе жаткан дүйнөлүк системанын бузуктугунда! Биздин бул системадан баш тарта албай жатканыбызда! Анын ордун ээлей турган исламий системага кайтууну кечиктирип жатканыбызда! Качкын боордошторубуздун башына түшкөн балээлердин баары ошол куфр чоӊдорунун бири-бири менен кызыкчылык талашуусунун натыйжасынан болуп жатса да, алар качкындарыбызды кемсинтүү жана аларды тосуу иштерин күчөтүп башташты. Алардын ишенимсиз жана чыккынчы шериктер экендиги мурдатан эле белгилүү болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here