Назарбаевдин пикири боюнча Тажикстанда жүз берген кандуу жаӊжалдарда чет мамлекеттердин колу бар.

335
0

14-сентябрь күнү Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев расмий сапар менен Тажикстан борбору Душанбе шаарына келди. Назарбаев ЖККУга мүчө башка  мамлекеттердин башчылары катары эле 14-15-сентябрь күндөрү болуп өтүүчү уюмдун кезектеги саммитине катышат.  Ошол эле күнү ал Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен  жолугушту. Жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.  Ал жалпысынан: “ Акыркы кездеги   Тажикстандагы жагымсыз кырдаал негизинен “үчүнчү- төртүнчү” күчтөр тарабынан ишке ашырылган. Шек-күмөнсүз тынчтыктын душмандары ушундай жол менен Тажикстан аймагына кирип, Афганистан  тарапка жол ачмакчы болушууда. Тажикстандагы кагылыштар менин  да тынчымды алды, анткени Казакстан да Тажикстан сыяктуу эле Афганистанга кошуна жайгашкан. Ошондуктан, эгерде Тажикстанга жаман ниеттеги күчтөр кире турган болсо, ал биздин да тынчтыгыбызды бузушу анык. Буга чейин мен көп жолу айтканмын, азыр да мен ушуну кайталаймын. Биз ар кандай абалда да сергек болушубуз керек.  Казак өкмөтү Тажикстан мамлекети менен  чегараны кайтарууда кызматташтыкты бекемдесе, максатка ылайык болот эле. Эгерде бир максат жана бир идея негизинде бириксек, бизге эч кандай чет өлкөлүк күчтөр зыян жеткире албайт”.

ЖККУ саммитинин күн тартибине ылайык эки мамлекет ортосундагы бир катар жаңы кызматташтыкка тиешелүү келишимдерге да кол коюлат.

Булак Озодагон сайты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here