4-сентябрда Тажикстандын Душанбе жана Вахдат шаарларында куралдуу кагылышуулар болду. Кандуу калабаны коргоо министринин орунбасары АбдуХалим Назарзода уюштургандыгы баяндалып, ал адисе дүйнө көңүлүн өзүнө бурду. Бул окуя Орто Азияга тиешелүү болгондуктан, бизди да өзгөчө этибар берүүгө түрттү. Жана анын акыйкатын аныктоого аракет кылдык.
Эң алгач, мындай окуялар талкуусунда маселеге эл аралык жактан жандашкан туура болот.
Советтер Союзу кулагандан кийин, Россиянын алсыраганынан пайдаланып, АКШ Тажикстанга кирип келмекчи болду. Ал туруксуздук жаратып, андан кийин өз кадрлары аркылуу Тажикстанга кирип келүү үчүн, бул өлкөдө жарандык согуш чыгара алды. Орусиячыл бийликке каршы Бириккен тажик оппозициясын тукурду. Жарандык согуш 1992-жылы башталып, 1997-жылы тараптардын келишүүсү менен аяктады. Бул келишүү Россия пайдасына болду, ал өз таасирин толугу менен сактап калды.
Азыр кайрадан, Россиянын учурдагы кыйын кезеңинен пайдаланып, АКШ Тажикстанга кирип келүү аракеттерин активдештирүүдө. Россия да кол куушуруп олтурбай, ага каршы иш-чараларын көрүп жатат.
Демек, эл аралык жактан алганда, 4-сентябрда башталган окуя кимдер тарабынан уюштурулган болушу мүмкүн?
Бул окуя АКШ тарабынан уюштурулбагандыгы билдирүүлөрдөн байкалып турат. Мисалы, АКШ-Россия күрөштөрүндө Америка таламын талашчу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму бул окуяга олуттуу жандашкан жок. ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын президенти Илкка Канерва: “Тажикстандагы терактта согушкерлердин милиция кызматкерлерин жок кылууну көздөгөнү даана билинүүдө. Зомбулуктун мындай түрүнө жол берилбеши керек жана дүйнөдө ага орун жок. Тыкан иликтөөлөрдөн кийин айыптуулар жазасын алууга тийиш. ЕККУнун Парламеттик ассамблеясынын атынан чын жүрөктөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтам,” – деп билдирүү таратты (“Независимая газета”). Билдирүүнү ЕККУнун жетекчилиги эсептелген төрага да эмес, башкы катчы дагы эмес, балким, парламенттик ассамблеянын президенти берип жаткандыгын этибарга алышыбыз керек.
АКШ мамкатчысы Жон Керри болсо, Тажикстан бийлигин “эгемендүүлүктүн” 24 жылдыгы менен куттуктап жатып, бул окуяны сөзүнө кыпчый кетти. «Бүгүн биз Тажикистан калкынын тынч, демократиялуу, гүлдөгөн келечекти камсыздоодогу кайратына баа беришибиз керек. Биз мурункудай эле, Тажикстан элин бул иштеринде, айрыкча, 4-сентябрдагы кайгылуу окуядан кийин, колдоп-кубаттайбыз. Жана каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам» – деди Керри (voanews.com).
Жогорудагы билдирүүлөрдөн эч кандай олуттуулук сезилбейт, алар жылуу мамиле орнотуу жана расмиятчылык үчүн гана айтылганы байкалат. Демек, АКШ 4-сентябрь окуясынан кабардар болбогон жана ага карата даярдык да көрбөгөн. Эгер уюштурганда, анда эл аралык коомчулукту бутка тургузуп, ызы-чуу салмак. Эл аралык жана Тажикстандагы бейөкмөт укук коргоо уюмдарын бийликтин ушул окуядагы айыптарын ачуу үчүн алдын ала стартка коюп койгон болор эле.
Бирок, окуя болору менен, АКШнын Тажикстандагы элчилиги “4-сентябрдагы коогалаң дагы жаңы кагылышуулардын башаты болушу мүмкүн” деп эскертүү жасады (Reuters). Анткени, АКШ Тажикстанда ушул сыяктуу туруксуздуктардын тутанып кетишине кызыкдар. Мындай окуялар ырбап, андан ары уланып кетишин каалайт. Андыктан, АКШ элчилиги убактылуу ишин токтотту. Бул эл көзүнө ушул окуяны чоңойтуп көрсөтүү жана андан ары уланып кетишине көмөк көрсөтүү үчүн болду.
АКШ Тажикстанда эки негизги иштер менен туруксуздук жаратууну көздөп келет. Биринчиси, мурун болгондой, жарандык согуштарды чыгаруу аркылуу туруксуздук абал келтирип чыгаруу. Экинчиси, ИШИМ уюму коркунучунан пайдалануу.
Мурунку жарандык согушта АКШ Тажикстандагы демократиялык кыймылдар менен “Тажикстан исламий ойгонуу партиясын” (ТИОП – Ҳизби Наҳзати Исломий Тоҷикистон) бириктирип, орусиячыл бийликке каршы салган. 1997-жылкы жарашууда ТИОП 30% квота менен бийликке аралашкан. Кийин, Орусия тапшырмасы менен жана өз бийлигине карата кооп-коркунучту жоготуу максатында, Тажикстан бийлиги ТИОПту алсыратуу үчүн көптөгөн иш-аракеттерди алып барды. Бийлик бутуна туруп алган соң, бул партиянын активдүү мүчөлөрүн ар кандай дооматтар менен камакка алды, коркутуулар аркылуу жергиликтүү ячейкаларын жаптырды, саясий жөндөмдүүлүгүн жоготту, акыры келип, быйыл парламенттик шайлоодо 5%дык барьерден да өткөрбөй койду ж.б.. Бүгүн ага карата таптакыр тыюу салуу мыйзамы мерчемделип турат.
“Ховар” агенттиги жарыялаган кабарга караганда, Тажикстандын “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, партиянын баштапкы бөлүмдөрү өлкөнүн көпчүлүк шаар жана райондорунда болууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн. Ал эми Юстиция министрлигинин маалымдашынча, “Исламий ойгонуу” партиясынын 58 шаардык жана райондук уюмдары өз иштерин токтотушкан. Ушундан улам, Тажикстандын Юстиция министрлиги 28-августта “Исламий ойгонуу ” партиясынын ишмердигин мыйзамсыз деп жарыялады.
Жогорудагы маалыматтардан келип чыгып, 4-сентябрь окуясын Россия жана Тажикстан бийликтери келишкен абалда уюштурушту деп божомолдоого болот. Муну менен, Россия активдешип бараткан АКШ аракеттерин өз таасирин күчөтүү аркылуу тыйып коймокчу болууда. Ал үчүн, Америка куралдары болгон ТИОП жана ИШИМ уюмдарынын коркунучу шылтоо кылынат да, Россия менен Тажикстан ортосунда ашкере-жашыруун келишимдер түзүлөт. Буга чейинки окуялар өнүгүшү жана бул окуяга карата Россия тарабындагы расмийлердин билдирүүлөрү ушуга далалат кылат.
2015-жылкы Россия-Тажикстанга тиешелүү окуялар түрмөгү:
12-20-майлар аралыгында Тажикстанда Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ОДКБ) Коллективдүү Ыкчам Аракеттенүүчү Күчтөрү (КСОР) машыгууларды өткөрдү.
19-20-майда Тажикстанда ОДКБ курамындагы өлкөлөрдүн коргоо министрлери жана коопсуздук кеңешинин катчылары жыйналыш өткөрүштү.
27-август жана 3-сентябрь аралыгында Тажикстанда “Гром-2015” машыгуусу болуп өттү.
4-7-сентябрда Астраханда «Боевое содружество – 2015» машыгуусу болду. Анын аралыгында, бул жерде КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлери Кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу (ПВО) комитетинин отуруму да болуп өттү. Анда 2016-жылы өткөрүлчү иш-чаралар каралды.
Бул машыгуунун активдүү фазасынын 2-бөлүгү Казакстанда уланды.
9-сентябрда CA-NEWS (CA) Россиянын аба-космостук күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Павел Кураченкого шилтеме жасап, маалымат таратты. Анда Россия Армения, Кыргызстан, Тажикстан менен биргеликте абадан коргонуу системасын куруу үстүндө иштеп жатканы кабарланды.
14-15-сентябрда Тажикстанда ОДКБ коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өтмөкчү.
Билдирүүлөр:
Жогорудагы ОДКБ саммитинде ар кандай аскерий-саясий чакырыктар, анын ичинде “террористтик” жана “экстремисттик” топтордун активдешүүсү карала турган болду. Мындай кабарды РИА Новости Кремлдин пресс-кызматына шилтеме жасап таркатты.
Анда: «Башкы көңүл актуалдуу аскерий-саясий чакырыктарга карата эффективдүү чара көрүүгө каратылат. Анын алкагында, террористик жана экстремисттик топтордун ОДКБ чегараларында абалды туруксуздаштырууну көздөгөн активдешүүлөрүнө өзгөчө маани берилет», – деп билдирилет.
Кремль сайтында саммитке Путиндин өзү да катышары маалымдалды.
«Россия Тажикстан жетекчилигинин региондогу стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоодогу үзгүлтүксүз күч жумшоолорун жана республиканы туруксуздаштырууга болгон урунууларды жокко чыгарууларын толугу менен колдоп-кубаттайт». (Путиндин Тажикстан “эгемендүүлүгүнө” карата жөнөткөн телеграммасынын тексти).
Буга чейин, 4-сентябрь окуясы боюнча РФ президенти Тажикстан президенти менен телефондон сүйлөшүп, тажик бийлигин толугу менен колдоорун билдирген жана окуяны абалды дестабилдештирүүчү аракет деп мүнөздөгөн. Мындай кабарды “1-канал” пресс-катчысы Дмитрий Песковго шилтеме жасап таркатты.
ОДКБ Секретариаты окуяга карата мындай билдирүү берди:
“4-сентябрдагы милиция кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген Тажикстандагы бандиттик кол салууларга карата төмөнкүлөрдү билдиребиз: ОДКБ Дүйшөмбүдөгү абалды кылдат күзөтүп турат жана аны Тажикстандын ички иши деп эсептейт. Мындай бандиттик иш-аракеттер, тилекке каршы, Тажикстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да болуу мүмкүнчүлүгү бар”.
Бул билдирүүгө маселени эл аралык деңгээлге көтөрбөө ыкмасы катары кароо керек. Анткени, бул “Ар кандай башка тараптар бул маселеге аралашпасын” деген маанини каңкуулайт.
Азыркы тажик бийлиги кандай болбосун өз бийлигин кармап калуу ышкысында жанат, андан башка баш ооруусу жок. Эмомали, негизи АКШга ыктаган малай болушуна карабастан, бирок Россия кызыкчылыктарына кызмат кылып келет. Анткени, анын бийликте болуш-болбошун Россия чечет.
Тажикстандагы калктын жашоо деңгээли Кыргызстандыкынан да төмөн. Эми Россия тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө мажбурланууда. Уюмга кирүү дагы да кыйынчылыктарды алып келери талашсыз. Ушундан улам, калк кыжырдануусу пайда болушу күтүлүүдө. АКШ элдин туйгусун Тажикстанда туруксуздук пайда кылуу багытына буруп жиберүүнү көздөйт. Анткени, муну менен Россиянын ЕАЭБ долбооруна сокку урулат жана АКШнын республика ичинде беймарал ызгып жүрүшүнө жетишилет. Ошондуктан Россия бул окуя шылтоосу менен АКШ “оюндарын” жокко чыгарып, өз “оюнун” ишке ашырмакчы болууда.
АКШ Тажикстанда туруксуздук жаратууда сырттан ИШИМ уюмунан, ичкериден кайрадан ТИО партиясынан пайдалануу ыктымалы көп. ИШИМ уюмунун коркунучу азырынча Тажикстанда бышып жетиле элек, ал жөн эле “паника” үчүн гана колдонулуп жатат. Ал эми, ТИОП эң ыңгайлуу курал эсептелет. Себеби, ал саясий иштерди билет жана анын өзү да эң көп зулум көрүүчүлөрдөн.
Бирок, Россия жана тажик бийлиги мунун алдын алууда.
Эмомали Россия “оюнунда” башкы малай катары ойноп, айрым “куурчактарды” курбандыкка чалып берүүдө. Алгачкы курбандык ушул АбдуХалим Назарзода болуп калды. Эмомали бул окуя аркылуу эми баарын сокмокчу болууда. Ал: “Кандуу калабаларды өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүнү көздөгөн жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун дүйнөкарашын кабылдаган согушчандар уюштурду”, – деди. Муну менен ал, өзүнө каршы чыга турган демократты да, мусулманды да, жана башкаларды да – бүт бардыгын жогорудагы аныктамага таянып жок кыларын уктурду. Алдын ала келишүү боюнча, Путин да муну колдоп берди. Путиндин колдоосу Эмомалиге каршы ар кандай каршылыктын демине суу себет.
Эмомали “экстремисттик топтун дүйнөкарашын кабылдаган согушчандар” дегенде – бийликке каршы чыга турган бардык жарандарды, алардын ичинде Тажикстан исламий ойгонуу партиясын да назарда тутту. Ал эми “Ислам мамлекети” уюму дегенде – “ИМ” уюмунун өзүн эмес – калыс мусулмандарды назарда тутту. Себеби, буга чейин Эмомали динге каршы күрөштү күчөтүп келди, анын мындай саясатына каршы калыс мусулмандар да каяша кылары шексиз. Андыктан, “ИМ” менен байланыштуулукта айыптап, мусулмандарга карата зулумду дагы да күчөтмөкчү.
Негизи, ТИОП “исламий” аталганы менен, бирок, ал көп мүчөлөрүн исламий туйгулуу адамдар түзгөн демократиялык партия. Советтер союзу учурунда динди сактап калуу үчүн аракет алып барган адамдар тарабынан уюшулган болсо да, бирок, АКШ көрсөтмөлөрүн аткаргандыгы себептүү ал чыныгы исламий хизб боло алган эмес. М: Исламий баалуулуктар менен эле бир катарда демократиялык баалуулуктарды да кабыл алган о.э. турмуш түзүмдөрүндө да демократиялык мыйзамдарды кабыл алган. Жарандык согуштан кийинки жарашууда ал демократиялык-светтик башкарууга аралашууга ыраазы болду. Мындан соң, ал тургай, сырткы исламий көрүнүшүн да жоготту жана калк ичинде баркы кетти. Мүчөлөрү да исламий максаттан бурулуп кетишти.
АбдуХалим Назарзода жарандык согуш учурунда Хожи Халим деген ысым менен таанылган талаа командири болгон. Бийликтин билдирүүсүндө, ал министрдин орун басары кызматына 1997-жылкы жарашуу келишиминде каралган квота боюнча, ТИОП өкүлү катары дайындалганы айтылууда. Жергиликтүү күбөлөрдүн айтымында, Назарзода диндин камы жок эле, сакалды кырып коюп, ири чиновник жана капиталистке айланып бүткөн. Анын фермердик чарбасы, жылкы заводу, канаттуулар фабрикасы, эс алуу аймактары, нан заводдору, спорткомплекси, ресторандары болгон. Тажикстандын башка чиновниктериндей эле, анын кирешеси да баңги жана курал соодасынан түшүп турган. Буга чейин ал бийликтин “эркетайларынын” бири болгон.
Тажикстан социал-демократтар партиясынын лидери Рахматилло Зойиров мындай дейт: «Козголоң өкмөт тарабынан атайын көз карандысыздык майрамы жана ОДКБ лидерлеринин отуруму алдынан пландаштырылган». Жана дагы ал: «Бийлик Бириккен тажик оппозициясынын өкүлдөрүнөн кутулууну көздөөдө. Аларды провокация кылат, а кийин кайра мыйзам менен жазалайт. Назарзоданы провокация кылышты, жана ал провокацияга алдырды деп ойлойм», – дейт.
Дээрлик көпчүлүк эксперттер “бийлик качантан бери эле саясий репрессия үчүн шылтоо издеп келгенин” баса белгилешүүдө.
Муну байкаган “Исламий ойгонуунун” жетекчилери дароо Назарзоданын партия мүчөсү болгондугун жокко чыгарышты. Алар “Назарзода эч качан партия мүчөсү болгон эмес. Бери эле дегенде Тажикстан конституциясы боюнча аскерийлердин партияда болушу мүмкүн эмес” деп билдиришти. Эксперттер муну “Назарзода алда качан эле партиянын эмес, бийликтин кызматын кылып калган эле” деп түшүндүрүштү.
Жогоруда келтирилген маалыматтар 4-сентябрь окуясын эч кандай экстремисттик же террористтик топ эмес эле – Россия менен келишкен абалда – Тажик бийлиги өзү уюштургандыгын көрсөтүүдө. Ири империалисттик державалар тарабынан мындай “оюндар” Тажикстанда эле эмес, бардык исламий өлкөлөрдө болуп жатат. Айрыкча Үммөт чыныгы Исламына улам катуураак талпынган сайын, ал кафирлердин уюштурган куулук-шумдуктары ашып барууда.
Демек, мусулмандар мындай окуялардан чыгара турган тыянак: ушундай окуяларды эл аралык күрөш алкагына байлап, кайсы державалар кызыкчылыгы үчүн кимдер уюштуруп жатканын аныктап, калк менен биргеликте, кафир империалисттер менен алардын малайларынын пландары ишке ашуусуна жол бербөө.
Бакай Талас