Россиянын премьер-министри Медведев Россия союздаш мамлекеттерде авиабазаларды курушун билдирди

359
0

РИА “Новости” маалымат агенттигинин кабар беришинче, Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Россия ЖККУ боюнча союздаш мамлекеттерде жаӊы авабазаларды курууга даяр экендигин билдирген.

“Белгилүү болгондой, мындай келишимдер жана бул сыяктуу жайгаштыруулар туурасында айта турган болсок, бизде мындай базалар Кыргызстан жана Арменияда бар о.э. мында эч кандай таӊдана турган нерсе жок. Биз муну биз менен союздаш мамлекеттерде Беларус сыяктуу – мейли ЖККУ, мейли ЖККУ плюс союз келишими болсун, ишке ашырууга даярбыз”, – деди Медведев.

Туркистон: Россия ички саясатында башынан өткөрүп жаткан саясий жана экономикалык бороон Путин жана анын тобун четке сүрүп жибериши мүмкүн.

Ошондуктан, Путин Россияны өзү үчүн кооптуу болгон бул абалдан чалгытуу максатында жогорудагы сыяктуу тышкы жасалма кооп-коркунучтарды ойлоп табууга аракет кылат. Бул коркунуч Сирия сыяктуу алыстагы кызыкчылыгы болсо, бул операциялар Россиянын жасалма эл аралык аброю дагы деле бар сыяктуу кылып көрсөтүүгө каратылган болот. Экинчи тарабы болсо, Россия үчүн түздөн-түз коркунуч туудуруп турган Украина жана Крым маселеси. Кайсы абал болгондо да, Россиянын иш-аракети согуштук абал пайда кылууга багытталып жатат. Себеби, Путиндин режимин Россиянын азыркы абалында согуштук абал гана сактап калышы мүмкүн. Ошондо Путиндин Россияны талкалап жиберген бардык каталары согуш себептүү унутулат же ошол согуштун натыйжаларына шылтап жиберилет.

О.э. Россиянын жогорудагы аракеттери АКШны ыраазы кылуу менен Россияны Путиндин режими астында өз катарына т.а. кызматына кабыл алышын сурап өтүнүп жатканына да далалат кылат. ЖККУну кошуп алганы болсо, болгону, бул уюмга мүчө мамлекеттер арасында өзүнүн салмагы бар экендигин көрсөтүү гана. Т.а. Россия да Сирия проблемасын чечүүдө, өзүнө караштуу мамлекеттер менен АКШ сыяктуу кичирээк болсо дагы коалиция пайда кылууга чакырык таштамакчы. Же АКШнын ЖККУга мүчө мамлекеттерди коалицияга мүчөлүккө чакыруу менен кирип келишине кандайдыр проблемаларды пайда кылмакчы. Кыскасы, АКШ бул өлкөлөрдү бирер уюм же коалицияга тартууда Россия менен кеӊешүүсү керек болгон шартты пайда кылмакчы. АКШ мамлекеттик катчысы Ж. Керринин 5-сентябрда Россиянын тышкы иштер министри Лавровду Россиянын Сириядагы иш-аракеттеринен эскертүү максатында телефон аркылуу сүйлөшкөнү бул сөзүбүздү кубаттап турат.

Россия АКШ жана башка эл аралык күч-кубат ээлерин өзүнө тартуу үчүн, өзүндөгү алсыз болсо да мүмкүнчүлүктөрүн ишке салууга аракет кылып жатат. Россиянын алдында эки жол калды. Бири Путин жана анын миллиардерлерден турган олигархтар командасы үчүн бир катар согуштарды башынан өткөрүп болсо да Батыш системасына каршы баруу. Экинчиси, Россияны Путин режиминен тазалап, СССРден калган жасалма эл аралык амбицияларынан баш тартып, Россиянын эл аралык саясаттагы реалдуу ордун ээлешине ыраазы болуу.

ЖККУ уюмуна мүчө болгон мамлекеттер алдында да, Россиянын алдында тургандай абал турат. Алар да Путин жана анын куйруктары үчүн алар менен бир катарда туруп, бүт дүйнөнүн алдында жекеленип, керек болсо алар менен согуштук абалда болуп жана ар түрдүү санкциялар менен өз калктарын Россия калкы сыяктуу экономикалык проблемаларга кириптер кылуу астында турушат. Бирок, алардын ар биринин өз ыктыярлары азырынча толук колдон чыгып кете элек.

Биз Кыргызстанды жана башка ЖККУ сыяктуу куфр уюмдарына мүчө болуп калган мамлекеттерди АКШ же Россия сыяктуу өз кызыкчылыктары жолунда эч нерседен кайра тартпай турган куфр мамлекеттеринин кызыкчылыктары үчүн өз калкын курмандыкка чалып жиберүүдөн кайтарабыз. Алардын ар бири өз өлкөсүндөгү согуш же башка кырсыктардын алдын алуу максатында биздин өлкөлөрүбүздү жана калктарыбызды курмандыкка чалып жиберишет. Дүйнөнүн кайсы региону болбосун, ал жерлерде жүрүп жаткан согуштар жана башка бузукчулуктун дээрлик бардыгы ошол куфр чоӊдорунун кызыкчылыгы үчүн жүрүп жатканына күбө болобуз. Сирия проблемасына силерди аралаштырып жибергенден кийин силердин мамлекеттериӊерде мусулмандардын жек көрүүсү күчөй баштайт. Бул болсо, ошол ыпылас ниети бар тышкы күчтөр үчүн ар бир региондо мусулмандар аралык согуштарды чыгарууга шарттарды пайда кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here