9-сентябрь күнү Россиянын премьер-министри Д. Медведев маалымат жыйынында: “Биз ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында жаңы авиа базаларды пайда кылышыбыз мүмкүн”, – деди.
Мындан бир аз мурда, 4-сентябрь күнү Тажикстандын Душанбе жана Вахдат шаарларында, ички иштер органынын кызматкерлери өлтүрүлгөн бир катар куралдуу кагылыштар болуп өттү. Россия буга карата “бул операциялар Тажикстандын ички маселеси, бул проблемаларды анын өзү чечиши керек” деп кадыржам мамиле билдирди.
10-сентябрь күнү Кыргызстанда Коопсуздук кеӊешинин”Кыргызстанда экстремизм жана терроризм коркунучу күчөп бара жатат” деген аталыштагы жыйыны болуп өттү. Бул УКМК тарабынан көтөрүлүп жаткан демилге болуп, анда Тажикстан жана Афганистанда жүз берип жаткан акыркы окуялар негиз кылып келтирилди. УКМК башчысынын орун басары Рустам Мамасадыковдун баса белгилешинче, мамлекетте экстремизм жана терроризмдин өкмөткө, адамдар жана коомчулукка коркунучу аябай күчөп бара жаткан имиш. Ал дагы, ушул багыттагы аракеттерге президент тарабынан бир нече жылдардан бери олуттуу көӊүл бурулуп, исламий радикализмге каршы түрдүү чаралар көрүлгөндүгүнө басым жасады.
Бул иштерден бир аз мурда Россия Сирия проблемаларын чечүүдө ЖККУга мүчө бардык мамлекеттерди өзү менен бирге катышууга чакырган эле.
Жогорудагы саясий окуялар, Россия тарабынан өзүнүн таасири астында калган акыркы аймагын т.а. Орто Азияны Батыш колонизаторлору таасиринен сактап калуу үчүн жүргүзүп жаткан саясатын эске түшүрүүдө. Ал бул сыяктуу ыпылас ыкмалар негизиндеги аракеттерин Каримов менен биргелиикте 2005-жылы Адижанда, Кыргызстан убактылуу өкмөтү менен биргеликте 2010-жылы Кыргызстан түштүгүндө ишке ашырган эле. Ошондо, Андижандагы кыргындар уюштурулуп, АКШ тарабынан Өзбекстанда даярдалып жаткан түстүү революцияга каратылган бардык аракеттер тосуп калынган эле. Кыргызстанда болсо, убактылуу өкмөттүн өзү Бакиевчи күчтөрдөн аман калышы менен бирге өзбек улуттук революциялык аракеттерин да жок кылууга Россиянын колдоосу менен жетишкен эле.
Эми Россия Тажикстандын президенти Э. Рахмон менен да дээрлик жогорудагылардан айырмаланбаган ыкмалар негизиндеги операцияларды ишке ашырып жатышат. Максаттары өзгөргөн эмес. Бардык аракеттер, белгилүү бир режимди жана малай жетекчиликти сактап калуу, исламий чөйрөнү күч менен талкалап жиберүүгө жол ачып алуу же жүргүзүлүп жаткан жырткычтык аракеттеринен өздөрүн актап алуу жана албетте мамлекеттеги батышчыл күчтөрдүн да мүмкүнчүлүктөрүн бир аз же Өзбекстан сыяктуу биротоло чектеп коюу….
Тажикстандагы ызы-чуулуу операциялар, тажик улуту үстүндөгү эле эмес бүтүндөй региондогу кызыкчылыктарын тикелеп алуу жана бекемдөө үчүн ишке ашырылды. Афганистандагы АКШ тарабынан колдоп-кубатталышы күтүлүп жаткан “Ислам мамлекети” уюмуна тиешелүү деп шектелип жаткан бир катар күчтөр пайда болуп бара жатканы жана региондогу мамлекеттердин АКШдан тынчсыздана башташканы Россияны тынчсыздандыра баштады. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Түркмөнстан үчүн буфердик аймак болуп келе жаткан жана алар тарабынан колдоп-кубатталып келе жаткан генерал Достумга караштуу эл жана армия бир катар күчтөр тарабынан чабуулга алына баштады. Ушулардын бардыгы, Россияны бул региондогу аскерий аралашуусун дагы да бекемдөөгө мажбур кыла баштайт.
Мындан тышкары, Путин Россиядагы өзүнүн аброюн тикелеп алуу үчүн аскерий аракеттерди же согуштарды пайда кылышы керек. Ошондуктан, Россия өзүнө караштуу болгон башка аймакта жана башка жарандар катышуусундагы согуштук абалдарды Орто Азияда провокация кылууга аракет кылып көрөт.