Хизб ут-Тахрирдин борбордук басма сөз бөлүмү бангладештик муслималардын муӊ-зарын коомчулукка жеткирүү үчүн “Бангладеш камактарындагы эже-карындаштарыбызды колдоп-кубаттоо” деген аталыштагы компания баштагандыгын жарыя кылды. Муслималардын акыйкатсыздык менен камакка алынышынын алдын алуу үчүн о.э. ушул кезге чейин камакта жаткан муслималар азат кылынышы үчүн Хизб ут-Тахрир уюму таасирдүү мусулмандарды ушул компанияны колдоп-кубаттоого чакырууда.
Бангладештин Уттара шаарында 30-август күнү эки муслима аял Хизб ут-Тахрир уюмуна мүчө болгондукта айыпталып полиция тарабынан кармалган болчу. Негизсиз дооматтар менен камакқа ташталган муслималардын бири тиш доктору, экинчиси болсо жөндөмдүү инженер. Бул эки муслиманын бирден-бир айыбы – Хизб ут-Тахрир уюму тарабынан 4-сентябрь күнү уюштурулушу керек болгон конференцияга өздөрүнүн тааныш-билиштерин чакыргандыгы.
Хизб ут-Тахрирдин олуттуу иш-аракетинен сарсанаага түшүп калган Бангладеш өкмөтү анын жолун тосуу максатында ар түрдүү ыкмаларды колдонууга өттү. Жогоруда айтып өтүлгөн муслималардын эч бир негизсиз камакка алынышы да Хасина өкмөтүнүн жакында тикелениши күтүлүп жаткан Халифалык мамлекетинен катуу тынчсызданып жаткандыгын көрсөтүүдө. Себеби, Хасина өкмөтү Ислам жана мусулмандарга карата ушундай бир кылмыштарды ишке ашырды дейсиӊ, аны кыяматта күтүп жаткан эсеп-китептен тышкары, ал Халифалык мамлекетинин адилеттүү соту алдында да жооп бериши табигый.