Орус аскерлери Сирияда согушуп баштады

425
0

Россиянын куралдуу күчтөрү Сирияда мужахиддерге каршы ачык согуша баштады. Сирия мамлекеттик телевидениеси да Россия аскерлери Асад үчүн согушуп жатканын кайра-кайра эфирге узатууда.

Ушул аптанын ичинде Россияга тиешелүү үч даана аскерий карго самолёту Сириянын Латакия шаарына келип конгон эле. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияга гуманитардык жардам менен бир катарда аскерий жабдыктар да жиберилгендигин билдирди. Лавровдун айтымында, Сириянын чоӊ бөлүгүн ээлеп алган террорчу топторго (мужахиддерге) каршы биргеликте жооп кайтаруу өзгөчө маанилүү иш болуп эсептелет. Ошондуктан, ал Сирия маселесинде терс натыйжаларга дуушар болуп калбастык үчүн Россия жана Америка аскерлери бири-бирине үндөш абалда аракет кылышы керектигин баса белгиледи.

Вашингтон Россиянын Сирияда аскерий база түзүп, мамлекеттик күчтөр менен биргеликте оппозиционерлерге каршы согушуусу мүмкүн экендигин айтууда. АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен эки жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, орус аскерлери Сирияда туруксуздукту дагы да күчөтүшү мүмкүн экендигинен эскертти. Ал эми Ак үйдүн маалымат катчысынын жардамчысы Эрик Шульц маалымат жыйынында, эгерде Россиянын бул кадамдары ИШИМге каршы болсо, анда аны колдоп-кубаттай тургандыгын билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here