Мисирдин мурдагы муфтийи спирттик ичимдиктерди сатуу адал деп фатва берди

299
0

Мисирдин мурдагы муфтийи Али Жума мусулмандар үчүн спирттик ичимдиктерди сатуу жайиз деп фатва берди.

 Бул тууралуу ал Мисирдин “СВС” спутник каналы аркылуу эфирге чыгуучу “Аллах жакшыраак билет” деген программада айтып өттү.

 Мурдагы муфтийдин айтымында, мусулмандар тарабынан спирттик ичимдиктер сатуу “адаттагы иш” болуп эсептелет. О.э. ал мусулмандардын спирттик продукцияларды иштеп чыгаруу менен алектенишине уруксат берди.

 “Мусулмандар спирттик ичимдик сатышы мүмкүн, а бирок пайдалана алышпайт”, – деди Жума.

Туркистон: Бул сарай уламалары Аллахтын динине каршы батынууда бири-бири менен атаандашып жаткансыйт. Алар ээлеп турган мансаптарынан айрылып калбастык үчүн же колдон чыгарган нерселерине кайрадан ээ болуу үмүтүндө Аллахтын жана Пайгамбарынын ачык келген, бардыгы үчүн түшүнүктүү болгон өкүмдөрүн да өз напистери жана кожоюндарынын ыраазылыгы жолунда бурмалоодон кайра тартпай турган болуп калышты.

 Мусулманга аракты пайдалануу же сатуу эле эмес, бул соодадан түшкөн акча да арам кылынган.

 Пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллоху алайхи ва салламдан риваят кылынган хадисте ал зат:

“Аллах таала аракты, аны сыгуучуну жана сыктырганды, ичкенди, ташыганды жана ага жардам бергенди, сатканды жана сатып алганды, ичүүчүгө бергенди, ичкилик сатылуучу жана таркатылуучу жерлерди, акчасын жегенди наалаттады”, – деген.(Абу Давуд, Байхакий, Хаким риваяттары).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here