goodnewsnetwork.org маалымат сайтынын кабар беришинче, мисирлик Азза Фаид деген студентка кыз пластмасса таштандыларды кайрадан иштетип, андан биологиялык отун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн ойлоп тапкан. Адистердин айтымында, ушул ачылыш буга окшогон биологиялык отунду алуу жолдоруна караганда арзан болгондуктан, келечекте ушундай жол менен биологиялык отун алуу өтө чоӊ пайдаларды алып келиши мүмкүн.
Муслима кыз жогорудагы тема боюнча сезиле турган утуштарга жетишип жатканын көргөн Мисирдеги нефть продукцияларын изилдөө институтунун жетекчилиги ага пайдалануу үчүн лаборатория, жабдыктар жана башка шарттарды түзүп берген.
Азза Фаиддин ачылышы кыскача төмөнкүдөй: ал өтө арзан жана кеӊири таркаган катализатор “алюмосиликат”ты тапкан. Ушул алюмосиликат пластмассанын өзгөрүү жараянын өтө тездетип, аны метан, этанол сыяктуу газдарды чыгарып алуу мүмкүнчүлүгүнө чейин алып барат. Газдардан оӊой эле биологиялык отунду алууга болот.
Мисирдин өзүндө эле жылына бир миллион тоннадан ашуун таштанды чыгышын эсепке алган адистер, Азза Фаиддин ушул ачылышынан жыл сайын жок эле дегенде 78 миллон доллар киреше табуу мүмкүн экендигин айтышкан.
Инша Аллах, мусулмандардын өздөрүнүн Халифалык мамлекети кайрадан турмушка кайтса, бул сыяктуу ачылыштар бир нече эсеге көбөйүп кетет. Себеби, дүйнөдө жетекчи болгон, Исламий идеологияга ээ болгон мамлекет коом жана экономика өнүгүшү үчүн адамдарды жетиштүү даражада шыктандырышы табигый.
Хизбут-Тахрирдин Өзбекстандагы медиа офиси Муслим