Москва АКШ тарабынан Казакстанда биолаборатория курулушунан тынчсызданууда

343
0

 Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгаруу жана запаска топтоого тыюу салуу о.э. аларды жок кылуу боюнча Конвенцияга мүчө мамлекеттердин эксперттеринин жолугушуусунда катышкан россиялык булактын РИА Новости маалымат агенттигине билдиришинче, Москва АКШ аскерий жетекчилиги тарабынан Грузия, Уркаина жана Казакстан аймагында биологиялык куралдын курамдык бөлүктөрүн иштеп чыгарууга болжолдонушу мүмкүн болгон жогору даражада корголгон биолабораториялар түзүлүшүнөн тынчсызданып жаткандыгын билдирген.

Ал: “АКШ аскерий жетекчилиги биздин чегарабызга жакын жерде биологиялык куралдын курамдык бөлүктөрүн иштеп чыгарууга да болжолдонушу мүмкүн болгон жогорку даражада корголгон биолабораторияларды курушуна Россия мамилесин билдирбей коюшу мүмкүн эмес”, – деди.

Россия Федерациясынын маалыматтарына ылайык, АКШ аскерий жетекчилигинин биолабораториялары Грузия, Украина жана Казакстанда жайгашат. Бул мамлекеттер өз аймактарында “америкалык аскерий лаборанттар Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгуу жана запаска топтоого тыюу салуу о.э. аларды жок кылуу боюнча Конвенцияга тескери иштерди кылбастыгын” көзөмөлдөй ала турган биотехнология тармагында жетиштүү даражадагы тажрыйбага ээ эмес деп кабар берип жатат Казакстан ЖМКлары.

Туркистон:

АКШ жана Россия ортосундагы күрөш саясий жана экономикалык тармактарга гана чектелип калбастан, бири-бирине каршы маалыматтык согуш да  күчөп барууда. АКШлык саясатчы жана аскерийлер Путин жана анын айланасындагы саясатчылар аткарып жаткан иштерди “акмактык” деп атап, Россиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан саясатын мүмкүн болушунча жаман кылып көрсөтүүгө умтулуп жатышкан болсо, Россия ЖМКлары Европа мамлекеттеринен келип жаткан азык-түлүк продукциялары көрүнөө жок кылынып жатканын тынымсыз көрсөтүп келе жатышат.

  Алардын ортосундагы күрөш ошону менен эле чектелип калбастан, АКШ мүмкүн болушунча Россияны дагы кайрадан “суук согуш” абалына тартууга аракет кылууда. Өз чегараларына жакын аймактарда   НАТО тарабынан аскерий машыгуулар көбөйгөнүнө жооп иретинде Россия да өзүнүн негизги күчтөрүн Европага жакын аймакка жайгаштырууга умтулууда. Бул ишти ишке ашырууга, айрыкча, 9-май майрамы өтө ыӊгайлуу болду.

 АКШ Россияны мүмкүн болушунча аскерий тармакка көбүрөөк каражат жумшоого мажбур кылуу үчүн көп жылдардан бери Россиянын таасири астында болуп келген республикаларга саясий жана аскерий жактан жардам берүүнү көбөйтүп барууда. Жогорудагы сыяктуу биолабораториялардын түзүлүшү да ушул пландын негизинде болушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here