Инжирликтен асманга көтөрүлгөн аскерий самолёттор карапайым жарандарды бутага алды

394
0

Түркия өкмөтү АКШнын Сирияда ишке ашыра турган чабуулдары үчүн Инжирлик авиабазасынан пайдаланууга расмий түрдө уруксат беришинин артынан АКШга тиешелүү аскерий самолёттор базага жайгаштырыла баштады. Бир нече күн мурда АКШнын 6 даана F-16 тибиндеги самолёттору Инжирлик авиабазасына келип конду. Алардын артынан дагы эки даана C-5 жана KC-135 самолёттору да Инжирликке жайгаштырылды. Өткөн аптадан баштап 300 аскерий адис келе баштады. План боюнча, артта калган 24 даана аскерий самолёттор да жакынкы күндөрдө Инжирликте болот.

АКШ башчылыгында түрдүү мамлекеттерден түзүлгөн коалицияга жакында Түркия да расмий түрдө кошулду. АКШ жана Түркия расмийлери региондогу “террорист”терге каршы сокку берүү үчүн ушундай кадам таштап жаткандыктарын айтышууда.

А бирок, кечээ күнү дал мына ушул Инжирлик аскерий базасынан асманга көтөрүлгөн АКШнын самолёттору тынч жарандарды кыргын кылды. Сириянын Идлиб шаарына караштуу Атме аймагында тынч жарандар колиция чабуулдарынын курмандыгына айланды. Жергиликтүү булактардын билдиришинче, аба чабуулунун натыйжасында тынч жарандардан 16 адам өлгөн. Оор жараат алгандар да бар. Өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

Атме аймагы Түркия чегарасынан 2км алыстыкта жайгашкан. Түркияга чектеш аймак болгондуктан Сириядан үй-жайын таштап чыккан миӊдеген качкындар дал ушул жерге жайгашкан. 70 миӊге жакын качкындар жан сактап жаткан Атмеде АКШ чабуулунун артынан тынчсыздануулар күчөгөнү айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here