Ahmad Nadhif тарабынан берилген каза-кадар жөнүндөгү суроосуна жооп

531
0

Хизб-ут-Тахрир амири аалым, шейх Ато ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук тармагындагы колдонуучулардын берген суроолоруна жоопторунан (фикхий)

Ahmad Nadhif тарабынан берилген каза-кадар жөнүндөгү суроосуна жооп

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух, «Тайсир фи усули тафсир» китебинин (арабча текстинде) 44-бетинде мындай делет: «… Же наклий болот т.а. Аллах Субханаху тарабынан экендигинин катъийлиги Ал Заттын Китеби Кариминде накл кылынышы аркылуу болот же Расулуллах A тарабынан экендигинин катъийлиги Пайгамбар Aдан риваят кылынган мутаватир хадисте накл кылынышы аркылуу. Мисалы, гайб нерселерге, периштелерге, мурун түшүрүлгөн китептерге, өткөн пайгамбарларга, Акырет күнүнө, кадардын жакшысы жана жаманына ыйман келтирүү сыяктуу. Аллах Таала Ниса сүрөсүнүн 136-аятында айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا آمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَالْكِتَابِ الَّذِي نَزَّلَ عَلَى رَسُولِهِ وَالْكِتَابِ الَّذِي أَنْزَلَ مِنْ قَبْلُ وَمَنْ يَكْفُرْ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا بَعِيدًا﴾

«Эй момундар, Аллахка, Анын пайгамбарына жана пайгамбарына түшүргөн Китебине о.э. мурун түшүрүлгөн Китептерине ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллахка, периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө ишенбесе, демек, ал өтө катуу адашыптыр»                                                                                                                 [4:136]

Пайгамбар A болсо Жибрил алайхис саламдын ыйман жөнүндөгү суроосуна жооп берип мындай деди:

«أَنْ تُؤْمِنَ بِاللهِ وَمَلاَئِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَاليَوْمِ الآخِرِ وَالْقَدَرِ خَيْرِهِ وَشَرِّهِ مِنْ اللهِ تَعَالَى»

«Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, Акырет күнүнө, кадардын жакшысы да, жаманы да Аллах Тааладан деп ыйман келтиришиң»».Менде бир суроо бар, анык түшүндүрүп беришиңизди суранамын. Эгер, ушул хадис мутаватир болсо, ал тургай, кадарга болгон ыйман анын негизине курулса, анда эмне үчүн ушул хадис Исламий шахсия китебинин 1-бөлүмүндө, исламий акыйда жөнүндөгү талкууда көрсөтүлбөгөн? Тескерисинче, китеп автору рохимахуллаху каза жана кадарга болгон ыйман аклий далил үстүнө курулушун айткан.

Аллах силерди эң жакшы сыйлык менен сыйласын, Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух,

Жооп берүүдөн мурун мен этибарыңызды эки нерсеге каратамын, бул эки нерсе сизге түшүнүксүз болгон көрүнөт: аяттарда, хадистерде келген «кадар» сөзү жана «каза жана кадар» термини. Экөөсү бир тема эмес, эки тема. Ошон үчүн «түзүм» китебинде же «шахсия» китебинде сиз окуган «каза жана кадар» темасы сиз суроо берген хадисте келген «кадардан» айырмаланат.

Эми сиздин сурооңузго төмөнкүдөй жооп беремин:

  • Муслим риваятында келген Набий Aдын Жибрил алайхис саламдын ыйман жөнүндөгү суроосуна жооп катары:

«أَنْ تُؤْمِنَ بِاللهِ وَمَلاَئِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَاليَوْمِ الآخِرِ وَالْقَدَرِ خَيْرِهِ وَشَرِّهِ»

«Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, расулдарына, Акырет күнүнө ыйман келтиришиң жана жана кадардын жакшысына да, жаманына да ыйман келтиришиң» деген хадисине келсек, ал мутаватир хадис эмес, сахих ахад хабар, муну менен бирге, ал сиз сурооңузда айткан «Тайсир фи усули тафсир» китебиндеги орунда сахих далил катары далил кылып көрсөтүлгөн. Себеби, бул жерде ыйман келтирүү талап кылынган нерсеге далил кылып келтирилди, ыйман келтирүү талап кылынган темага далил кылып келтирилген жок. Анткени, Исламга ыйман келтирүү талабы аят жана Расулуллах Aдан риваят кылынган хадис менен, ал тургай, Расулуллах A жиберген кат менен да болот. Расул A падышаларга жиберген элчилер менен бирге Исламга даъват кылып каттарды жөнөткөн…

  • Бирок, кадар акыйдадан экендигине, ошон үчүн аны инкар кылган кимсе кафир экендигине хужжат каим кылуу убагында жана ал (кадар) Аллахтын илими экендигин о.э. ар бир нерсе эзелтен Лавхул Махфузда жазып коюлгандыгын далил кылууда катъий далилдерге таянылат. Ошондуктан, бул убакта кадар эзелтеги тагдыр маанисинде экендиги туурасында катъий аяттар зикр кылынат т.а. жер-асмандагы кандай нерсе болбосун, баарын Аллах эзелтен билиши, аларды эзелтен тагдыр кылып койгондугу жана эзелтен Лавхул Махфузда жазылгандыгы жөнүндө каъий аяттар айтылат… Бул катъий аяттардын айрымдары ушулар, Аллах Таала айтат:

﴿إِلَّا امْرَأَتَهُ قَدَّرْنَا إِنَّهَا لَمِنَ الْغَابِرِينَ﴾

«Анын аялына гана (кутулуу жок). (Себеби), Биз (Аллах) анын (азап-укукбатта)калуучулардан болушун тагдыр кылып койгонбуз»                                                      [15:60]

Бул аяттагы قدّر  калимасынын мааниси – эзелтеги тагдыр. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَنْ يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا﴾

«Ким Аллахка тобокел кылса, анда, (Аллахтын) Өзү ага жетиштүү. Албетте, Аллах Өзү (каалаган) ишине жетүүчү. Чындыгында, Аллах бардык нерсе үчүн кадар кылып койгон» [65:3]

Бул аяттагы ар бир нерсе үчүн кадар бар деген сөздүн мааниси – ар бир нерсе үчүн бир тагдыр жана белгилеп коюлган убакыт бар дегени, мында эзелтеги тагдыр назарга алынат. Аллах Таала айтат:

﴿قُلْ لَنْ يُصِيبَنَا إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَنَا هُوَ مَوْلَانَا وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ﴾

«Айткын: Бизге жалаң Аллах биз үчүн жазып койгон нерсе гана жетет. Ал биздин кожобуз. Демек, ыймандуу кишилер Аллахка гана таянышсын!»                                                  [9:51]

Бул аяттын мааниси «бизге Аллах эзелтен жазып койгон жана бизге тагдыр кылып койгон нерсе гана жетет, биз Аллахка тобокел кылуучуларбыз» дегени. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا مِنْ دَابَّةٍ فِي الْأَرْضِ وَلَا طَائِرٍ يَطِيرُ بِجَنَاحَيْهِ إِلَّا أُمَمٌ أَمْثَالُكُمْ مَا فَرَّطْنَا فِي الْكِتَابِ مِنْ شَيْءٍ﴾

«Жерде сүйрөлүп жүргөн ар бир жаныбар, асманда канат кагып жаткан ар бир куш кудум силер сыяктуу (Биздин кол астыбыздагы) жамааттар. Китепте бир да нерсени койбой(жазганбыз)»                                                                                                                  [6:38]

Бул аяттын мааниси «алар да силерге окшош үммөттөр, силердин ырыскыңар, ажалыңар жана амалыңар жазып коюлгандай, алардын ырыскылары, ажалдары жана амалдары да жазып коюлган, Лавхул Махфузда эч бир нерсени калтырбастан жана эч бир нерседен кабарсыз болбостон (баарын жазып койдук)» дегени. Лавхул Махфуз Китеп деп аталды т.а. ар бир нерсе Лавхул Махфузда жазып коюлган. Бул болсо Аллахтын илиминен кабар берет т.а. кандай гана нерсе болбосун Аллах баарын билет. Аллах Таала дагы айтат:

﴿عَالِمِ الْغَيْبِ لَا يَعْزُبُ عَنْهُ مِثْقَالُ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ وَلَا أَصْغَرُ مِنْ ذَلِكَ وَلَا أَكْبَرُ إِلَّا فِي كِتَابٍ مُبِينٍ﴾

«Кайыпты билген Жаратуучу. Асмандар жана жердеги бир кымындай, андан да кичине (же) чоң бир да нерсе (Андан) жашыруун болбойт — албетте ачык Китепте бар болот»   [34:3]

Т.а. Лавхул махфузда баары жазып коюлган. Бул аят далил катары көрсөтүлүп, Аллах илиминен кабар берип турат.

  • Ушуну да айтуу зарыл, бул маанидеги кадар т.а. эзелтеги тагдыр, же Лавхул Махфузда жазып коюлушу, же Аллах Субханаху баланча иштин болушун билиши амал ишке ашуусунда Аллахтын илимине таянуу, амал кылуу каражаттарын албоо же сабабдар жана мусаббабдарга киришпөө маанисин түшүндүрбөйт. Анткени, бирер адам бир иштин болушун же болбошун билгидей, Аллахтын илими эч кимге ачылбаган. Ошондуктан, бирер нерсенин болушун же болбошун алдын ала билүү мүмкүн эмес, аны жүзөгө чыгаруу каражаттарына киришип, ал ишке ашырылгандан кийин гана билүү мүмкүн. Мына ошондон кийин амал болушу же болбошу жагынан болгон вакиълик ачыкталып маалым болот. Ошондуктан, Аллах илимине таянып амалды таштоо туура болбойт, бул нерсе сахабаларга орчундуу-түшүнүксүз болгондо Расул A аларды таянып калбоо туурасында эскертип, аларды амал кылууга буюрган. Бухарий Али караммаллаху важхахудан ушуну чыгарды:

«فَقَالَ رَجُلٌ مِنْ الْقَوْمِ: أَلاَ نَتَّكِلُ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: لاَ، اعْمَلُوا فَكُلٌّ مُيَسَّرٌ، ثُمَّ قَرَأَ: فَأَمَّا مَنْ أَعْطَى وَاتَّقَى الآيَةَ»

«Ошондо коумдон бир киши: (Аллахтын илимине) таянбайбызбы, я Расулуллах? – деди. Пайгамбарыбыз: жок, амал кылгыла, ал бир киши жетиштирилген, деди кийин: «فَأَمَّا مَنْ أَعْطَى وَاتَّقَى», деген аятты кыраат кылды». Бул хадис кадарга болгон ыйман таянып калууну түшүндүрбөшүн ачык-айкын көрсөтүп айтып турат. Себеби, кадар жана жазып коюлгандык т.а. Аллахтын илими эч бир адамга ачыкталбайт, ошондой болгон соң, кайсы нерсеге таянылат?

Ошондуктан, Расулуллах A «таянбайбызды?» деп сураган кишиге «Жок» деп жооп берди т.а. Аллах илимине таянуудан кайтарды, муну менен гана чектелбестен, ага «Амал кылгыла» деп айтты т.а. аны амал кылууга буюрду. Ошондуктан, кадарга болгон ыйман амал кылбоону түшүндүрбөйт.

Кадар жөнүндөгү сурооңузго жооп анык болду го деп үмүттөнөмүн.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рошта                                                   

7шаввал,1436-х.

 23июль, 2015м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here