Кыргызстан уламалар кеңеши кара хижаб кийбестик жөнүндө токтом чыгарды

459
1

Кыргызстан уламалар кеңеши “Радикалдык” диний уюмдар жайылышынын алдын алуу үчүн жыйын өткөрдү. Жыйында сөзгө чыккан Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев негизги темадан тышкары мектептерде жана башка окуу жайларда хижаб кийүү маселесине да токтолуп өттү.

Муфтий хижабга тыюу салуу кабыл алынбастыгын, бирок, хижаб үчүн белгилүү жашка жетүү жана кийимдин түрү улуттук үрп-адаттарга туура келиши биринчи орунга коюлушу керектигин билдирди. Кыргызстан уламалар кеңеши да муслима аялдарга кара түстөгү хижабдын ордуна башка түстөгү хижабдарды кийүүнү насаат кылды.

“Жакынкы күндөрдө кыздарыбыздын мектептерге хижаб кийип барышы боюнча премьер-министр Темир Сариев менен жолугушабыз. Уламалар кеңеши кыздарыбыздын мектепке кара хижаб кийип барбастыгы жөнүндө токтом чыгарды. Башка Ислам өлкөлөрүндө кара хижаб алдаттагы эле көрүнүш болуп эсептелет. Ошондуктан, эч кандай жагымсыз абалдарга себеп болбойт. Бизде болсо кара түс аза күтүүнүн белгиси болуп эсептелет. Ошол себептен улам кыздарыбыз башка түстөрдөгү хижаб кийишин жана улуттук кийимдерди кийүүсүн насаат кылабыз”, – деди Максат ажы Токтомушев.

О.э. азирети муфтий мектеп мугалимдерин окуучулардын тышкы көрүнүшүнө эле эмес, алардын таалим-тарбиясына жана сабактарды кандай өздөштүрүп жатканына көӊүл бурууга чакырды.

“Хижаб кийүү же кийбестик ар кимдин өз эрки. Т.а. кыздарды хижаб кийүүгө же кийбестикке мажбурлоо кабыл алынбайт. Кичине жаштагы кыздар хижаб кийбестиги табигый абал. 11-12 жашка чыккандан кийин муслима кыздар хижабдуу болушу керек”, – деди муфтий.

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here