Экономикалык биримдикке караганда көбүрөөк саясий максаттарды көздөп түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан да толук кандуу мүчө болду.
ЖМКлар таркаткан кабарга ылайык, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 4-август күнү Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу жөнүндөгү келишимге кол койду. Казакстан ушул келишимди ратификация кылган акыркы мамлекет болду. Ага чейин Армения, Белорусия жана Россия парламенттери жана президенттери бул келишимди кабыл алышып, ага кол коюшкан эле.
Казакстан президенти келишимге кол койгондон кийин, 6-августтан баштап кыргыз-казак чегарасындагы “Ак-Жол” бажы бекети бүтүндөй алынуусу жөнүндө кабарлар пайда болду. Бирок, премьер-министрдин маалымат катчысы Назира Ахмедова чегаранын ачылышы кийинки аптага калтырылганын билдирди.
Кыргызстан өкмөтү биримдикке толук мүчө болуп, чегаралар ачылышын ынтызарлык менен күтүп жаткан болсо да,карапайым калк жана жергиликтүү ишкерлер үчүн мунун пайдасына караганда зыяны көп болушу мүмкүн. Мунун негизги себеби, Кыргызстанда иштеп чыгаруу башка мамлекеттерге караганда начар экендиги о.э. жашоо деӊгээлинин төмөндүгү. Чегаралар ачылгандан кийин каалайбызбы же каалабайбызбы, баалар калган мамлекеттердеги баалар менен бирдей болбосо да, маскималдуу даражада жакындашат.
СНГ мамлекеттер аралык статистикалык комитети тарабынан сунушталган маалыматтарга ылайык, Евразия экономикалык биримдиги аймагы боюнча эң жогорку айлык акы Казакстанда экен. Мамлекетте орточо айлык акы 132.5 миң тенге же 713 долларга барабар. Россияда бул көрсөткүч 31.3 миң рубль же 629 долларга барабар.
О.э. Кыргызстанда орточо айлык акы 11 703 сом/200 долларга, Арменияда 173.5 миң драм/363 долларга, Белорусияда болсо 6.5 млн рубль/453 долларга барабар.
Жөлөк пул төлөмдөрү боюнча да Казакстан биринчи орунда турат. Орточо жөлөк пулдун көлөмү бул жерде 50 549 тенге же 272 долларга барабар. Кыргызстан бул көрсөткүч боюнча да акыркы орунда – 4.6 миң сом (78 доллар).
Жумушсуздуктун деӊгээли боюнча да Казакстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында эң төмөнкү орунда турат. Казакстандагы экономикалык активдүү калктын 0.6 пайызы же 56.1 миң киши жумушсуз экен. Андан кийинки орунда Белорусия (0.9 пайыз же 39 миң) жана Россия (1.3 пайыз же 1 млн) турат.
Кыргызстанда жумушсуздардын саны 59.3 миң, Арменияда болсо 73 миң адам экендиги айтылууда.