Тажикстан менен Кыргызстан чегарасындагы атышуудан эки киши жарадар болду

319
0

Бөлүп ташта жана өкүмдарлык кыл” принцибине негизделген колонизатор мамлекеттер Халифалык мамлекетин кулатууда мусулмандар аӊ-сезимин улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу чириген жана жийиркеничтүү пикирлер менен ууландырууга, айрыкча, мусулман жаштар арасында бул сыяктуу пикирлердин кеӊири жайылышына катуу көӊүл бурду. Колонизатор мамлекеттердин иш-аракеттери жемишин берип мусулмандар өз ара бөлүнүп, бири арабдыгы менен сыймыктанса, башкасы түрк экендиги менен сыймыктана турган даражага жетти. Ошондон кийин ири мамлекеттер аларды оӊой эле бөлүп таштап, ортосуна жасалма чегараларды тартып коюшту.

 Кудайсыз коммунисттер өкмөтү да эзелтеден бир Үммөттүн өкүлдөрү болгон Туркстан мусулмандарын бөлүп таштоодо дал ошол пикирлерден пайдаланды жана бир бүтүн Үммөттү беш республикага бөлүп таштады. Республикалар ортосунда жасалма чегараларды тартып жаткан кезде коммунисттер алардын ортосундагы чегараларды  – ар дайым келишпестик жана карама-каршылыктарды пайда кылуу жана ушул аркылуу өзүнүн таасири астында кармап туруу оңой болушу үчүн –кудум шахмат талаасы сыяктуу тартып чыгышты. Коммунисттердин бул айла-амалы болсо бүгүнкү күнгө чейин түшүмүн берип келүүдө.

 Бул беш республика “эгемендүүлүк”кө жетишкенден кийин бийликке келген жетекчилер да улутчулдук жана мекенчилдик пикирлеринен пайдалануу аркылуу дини, базары жана мазары бир болгон бир Үммөт өкүлдөрүнүн ортосундагы чегараларды ого бетер күчөтүүгө умтулуп жатышкан болсо, ири мамлекеттер биздин ортобуздагы чегараларды бекемдөө үчүн өз малайларына өтө чоӊ өлчөмдөгү каражаттарды берип жатышат. Мунун натыйжасында болсо кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик, өзбек-казак, өзбек-тажик чегараларында жыл сайын ондогон жарандар өлүп жатат.

 4-август күнү ушундай келишпестиктердин бири жүз берди. Тажикстан жана Кыргызстан чегарасындагы атышуунун натыйжасында эки адам жарадар болду. Окуя чегарадагы Чорку кыштагында жүз берген. Тажикстан укук коргоо органдарынын кабар беришинче, Кыргызстан тарап курал колдонгон. Өз кезегинде Кыргызстандын өкүлдөрү бул маалыматты четке кагууда. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кыргызстандыктар Тажикстан тараптагы Сомониян кыштагындагы үйлөрдү өрттөшкөн.

 Эки мамлекеттин чегарасындагы кырдаалдын курчушуна чектеш айылдардын калкынын ортосунда келип чыккан жаӊжал себеп болгон. Айтылышынча, Тажикстан Көк-Таш айылына баруучу жолду жаап салганына нааразы болгон кыргызстандыктар тажик айылына кеткен сууну бууп коюшкан. Ошондон кийин эки тараптан 200гө жакын адам топтолуп бири-бирине таш атышкан. Учурда жаӊжал болгон жерге чегара кошуундары алып келинген, сүйлөшүүлөр уланып жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here