Мисир менен Саудия ортоктош армия түзүүгө келишип алышты

430
0

Мисир жана Саудия ортосунда ар түрдүү келишимдер жана кызматташтыктарды өз ичине алган Каир декларациясына кол коюлду. “Ортоктош араб күчү армиясын” түзүү  үчүн биргеикте аракет кылуу темасы да эки мамлекет ортосунда кол коюлган жогорудагы декларация курамынан орун алды. Ошол себептен улам, 27-августта Каирде Араб мамлекеттеринин тышкы иштер министр    лери жана коргоо министрлеринин катышуусунда жыйын болуп өтөт.

Бейшемби күнү Каирге барган Саудиянын коргоо министри ханзада Мухаммад бин Абдулазиз Мисир президенти Абдулфаттах ас-Сиси менен жолугушуту. Жолгушуудан кийин эки мамлекет ортосундагы маанилүү келишимдер жана кызматташтыктарды өз ичине алган жогорудагы Каир декларациясына кол коюлду.

Эки мамлекеттин жетекчилери ортосундагы жолугушуудан кийин президент Сисинин маалымат офисинен ушул маселеге тиешелүү билдирүү таркатылды. Билдирүүдө араб мамлекеттери үчүн маанилүү болгон токтомдор кабыл алынгандыгы айтылды. Эки мамлекет региондогу коркунучтар себептүү бири-бирине муктаж экандиги айтылган билдирүүдө алардын араб дүйнөсүнө тиешелүү маселелерде ар дайым биргеликте аракет кылышы айтылды.

О.э. билдирүүдө айтылышынча, Саудия-Мисир ортосунда “Ортоктош араб күчү армиясын” түзүү менен бир катарда Сирия маселесинде да кызматташуу боюнча келишип алынган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here