Сирия жана Саудия ортосундагы алакалар кайрадан жанданууда

280
0

Сирияда беш жылдан бери уланып келе жаткан ички согуш себептүү Сирия менен Саудия ортосундагы алакаларга зыян жеткени туурасында айтылып келе жатат. Буга Саудиянын оппозициялык топторго ар тараптуу жардам берип жатканы туурасындагы даабалар себеп болууда.

Бирок, акыркы кездерде жогорудагы эки мамлекет ортосундагы алакалар дагы кайрадан жанданып жатканы туурасындагы кабарлар таркай баштады. Алынган маалыматтарга ылайык, Сирия жана Саудиянын өкүлдөрү Москванын ортомчулугунда өз ара жолугушуу өткөрө башташкан.

Башар Асаддын тарапкери экендиги менен таанылган Ливандагы “Ал-Анбар” гезити берген кабарда айтылышынча, Сирия улуттук коопсуздук бюросунун жетекчиси Ал-Мамлук өткөн аптада Саудиянын борбору Эр-Риядга барган. Ал-Мамлук Эр-Риядда Саудиянын коргоо министри ханзада Мухаммад бин Салман менен жолугушкан. Гезит эки саясатчынын ортосунда болгон жолугушуу Россия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен ишке ашкандыгын билдирди.

Гезиттин жазышынча, Сирия улуттук коопсуздук бюросунун жетекчиси Ал-Мамлук Саудиянын коргоо министри ханзада Мухаммад бин Салмандан Сирия туурасындагы саясатын өзгөртүүнү жана бул жаатта Катардын таасиринен кутулууну талап кылган. Ушул саатка чейин Сирия да, Саудия да бул жолугушуу боюнча бирер маалымат таркатпады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here