ПИКИРДИН ТУРМУШТАГЫ ОРДУ (4)

252
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

ПИКИРДИН ТУРМУШТАГЫ ОРДУ (4)

Ар кандай вакиъ же ар кандай кимсе тууралуу өзүбүздүн жеке пикирибизди билдирүү үчүн алгач бизде пикирлөө тарыйкаты бар болушу керек. Өз пикирине ээ болбогон, тескерисинче, ар бир иште бирөөлөрдүн пикирин көтөрүп жүргөн адамда өзүнүн пикири да, пикирлөө тарыйкаты да болбойт. Адамзат тарыхын үйрөнүп чыксак ушул нерсе белгилүү болот, адам ар дайым пикирлегенде, же бирер вакиъге өкүм чыгарганда албетте бирер негизге таянып өкүм чыгарат. Мисалы: урфка негизделип той үчүн балан нерселер керек деген пикир же буттарга негизделип, аларга белгилүү бир убакыттарда курмандык чалуу. Ата-теги негизинде бир үй-бүлөгө карата, алар биз менен куда болушу мүмкүн эмес деп айтуу, же улутчулдукка негизделип жетекчилик биздин колубузда болушу керек деп айтуу ж.б.у.с…. Демек, өз пикирибизге ээ болушубуз үчүн алгач пикирлөө негизин аныктоо керек жана ката пикирлерге барып калбастыгы үчүн ошол негизди жакшылап текшерип чыгуу талап кылынат. Андан кийин мен ушул негизде пикирлеймин деп токтом кылынат жана анын пикирлөө негизи кандай экендиги белгилүү болот. Бул анын пикирлөө жолу т.а. пикирлөө тарыйкаты  болуп эсептелет.

  Вакиъ же ар кандай кимсе тууралуу жеке пикирибизди билдирип жаткан убакта адашпастыгыбыз үчүн туура негизди тандап алышыбыз керек. “Урф” пикирий негиз болууга жарабайт, себеби, анын өзү да коомдогу башка бир өкүмдар пикирден келип чыккан. Мисалы “эгемендүүлүк” майрамын белгилөө СССРди Россия таркатып “эми ар бир эл өз алдынча көз карандысыз жашайт” деген пикирден келип чыкты. Муну текшерүү үчүн да кандайдыр негизге таянып чечишибизге туура келет. Буттарды жашоонун негизи кылуу акмакчылык пикир экенине бүгүнкү күндө эч бир далилге муктаждык жок. Ата-тек же улутчулдуктардын кээ бир пикирлерди чыгарып алууга болот, бирок турмуштун бардыгына чечим чыгаруу мүмкүн  эмес, ал тургай, бир улут өкүлдөрүнүн өз ара экономикалык алакалары кандай болушу же социалдык маселелердин тартип-эрежеси кандай болушу таптакыр чечилбейт. Мындан тышкары бул негиз ошол калкты жырткычтарга, башка улут өкүлдөрү менен шылтоо табары менен урушуп, талаша турган “ит”терге айландырат. Ал тургай, бир улут өкүлдөрү ортосунда да; сен тексизсиӊ деген негизде чатакташа турган кылып коёт. Бардык пикирлерге “биз бул жашоого кайдан келип калдык, эмне үчүн жашап жатабыз, жашоодон көздөлгөн максат эмне жана кайда барабыз” деген суроолордун чечимин негиз кылуу туура болот. Мындай чечим негиз болууга жараса да, туура чечим гана туура пикирлерди келтирип чыгарат. Ал эми чечим туура эмес болсо, андан чыккан пикирлер да ката болот.

Мындай негиз үчөө болуп, алар социализм, капитализм жана ислам. Социализм: “Биз жана айланабыздагы бардык нерселер заттын өнүгүүсү натыйжасында пайда болгон, зат болсо эзелтеден бар. Ал жоктон пайда болгон эмес”, – деген пикирди негиз кылат. Алардын бул пикирий негиздеринин ката экендигин билүү үчүн заттын кандай формада болбосун, ар кандай көрүнүштө болсо да, ал моюн суна турган мыйзамы бар. Мисалы: жердин өз огуна тартып туруу күчүн, же болбосо, жер өз огунун айланасында айланып турушу мыйзам ченемин алсак. Эми “зат түбөлүктүү” деген пикирди өздөрү үчүн негиз кылып алгандарга: “Бул мыйзамдар кайдан пайда болгон, мыйзам келгенче бул нерселер бар болушу т.а. эч бир мыйзамсыз абалда турушу мүмкүнбү? Бул мыйзамдардын ээси барбы же жокпу? Ээси тирүүбү же өлгөнбү т.а. бирер затпы? Түпкүлүгүндө, бирер мыйзам ээсиз же бирер жисм болушу акылга туура келеби?”, – деген суроолорду талкуу кылышыбыздын өзүнөн алардын пикирий негиздери ката экендиги белгилүү болот. Себеби, адам нерселерге назар таштаса, алардын өз мыйзамдарынан кийин пайда болгонуна жана алар мыйзамсыз таптакыр бар боло албастыгына т.а. мыйзамдан кийин гана ошол мыйзам негизинде пайда болгонуна күбө болот. Алардын азалий эместигин акыл аркылуу түшүнүү кыйын эмес. Аллах Таала «Али Имран» сүрөсүндө айтат:

إِنَّ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالأَرْضِ وَاخْتِلاَفِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ لآيَاتٍ لأُولِي الأَلْبَابِ

Асмандар жана Жердин жаралышында о.э. күн менен түндүн алмашып турушунда акыл ээлери үчүн (бир жаратуучу жана башкарып туруучу зат бар экендигине) аят-белгилер бар экендигикүмөнсүз“.                                                                                                          [3:190]

«Рум» сүрөсүндө айтат:

وَمِنْ آيَاتِهِ خَلْقُ السَّمَاوَاتِ وَالأَرْضِ وَاخْتِلاَفُ أَلْسِنَتِكُمْ وَأَلْوَانِكُمْ

„Анын аяттарынын (дагы бири) ал зат асмандар жана жерди жаратышы о.э. силердин тилиӊер жана түсүӊөрдү ар түрдүү кылып койгону”.                          [30:22]

“Зат азалий жана анын өнүгүшүнөн бардык нерсе пайда болгон” деген пикир ээлери андан келип чыккан ката пикирлерге дуушар болушкан. Мисалы: мүлк жеке адамдыкы болушу мүмкүн эмес деген пикир адамдын табиятына да, вакиъге да тескери. Себеби, ар бир адамда мүлккө ээ болуу табияты бар. Адамды жеке мүлктөн ажыратуу болсо ошол табиятынан келип чыккан муктаждыктары канааттанбай калышына же мыйзамсыз түрдө кандырышына себеп болот т.а. бул чечимдердин кемчиликтүү экендигин көрсөтөт. Вакиъде болсо, бир адам тапкан мүлктөн бир бөлүгүн ага берип, калганын мамлекеттик мүлккө айландыруу зулум болуп, адамдарды аракеттен токтотот же кылмышка тартат. Пара жана жасалмалаштыруу күчөйт. Дагы бир мисал, перзент болгону адамзаттын ордун толтуруу жараяны гана, демек, адам уругу кайсы “жабдыкта” өнүгүшүнүн мааниси жок, маанилүүсү коом жаңы күч менен камсыздалышы керек деген пикир үй-бүлөнү өз кадырынан түшүрүп жиберет, ал тургай кыйроого дуушар болушуна себеп болот. Эркек жана аял үчүн жыныстык гарыйзаларын кандырууга коомдо мүмкүнчүлүктөр кеӊири болуп, үй-бүлөгө болгон муктаждык төмөндөп кетет. Үй-бүлөнү сактап калууга эч бир чара көрүлбөйт, тескерисинче коомдогу бардык иштер үй-бүлөнүн бузулушун тездетет. Бузукчулуктар күчөйт, келечек муундагы моралдык тарап бүтүндөй төмөндөп кетет ж.б.у.с….

Капитализм; биз жана айланабыздагы бардык нерселерди Аллах Таала жараткан, бирок Аллах биздин турмушка аралашпайт т.а. дин турмуштан ажыратылган деген пикирди негиз кылат. Булардагы катаны билүү үчүн: “Аллах биздин турмушка аралашпайт т.а. дин турмуштан ажыратылган”, – деген пикирди алсак. Затын хис кылуу мүмкүн болбогон Аллах Таала туурасындагы бул пикирди кайсы акылдан келип чыгып айтышууда? Акыл өзү хис кылбаган нерсе үчүн бирер пикир бериши туурабы? Бул пикирден дагы башка өтө көптөгөн ката пикирлер келип чыгууда. Мисалы, өз кызыкчылыгына жетишүү жолунда жүз миӊдеген бейкүнөө адамдарды репрессия кылуу, моралдык тараптын өтө төмөндөп кетиши, ал тургай айбандар да кылбай турган иштер адаттагы ишке айланып бара жатышы, тукумсуздук, үй-бүлөлөрдүн бузулуп кетиши, пайданы жана мансапты ойлоп өз калкына да кыянаттарды кылуу ж.б.у.с…. Мындай негиз ээлери бардыгыбыз үчүн өтө чоӊ коркунуч болушат. Туураны туура эмес кылып көрсөтүү, чыккынчы жана ууруларды баатырга айландыруу. Жасалма согуштар, теракттар, курулай дооматтар адаттагы көрүнүшкө айланат. (уландысы бар).

Абу Аюб Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here