Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга келет

430
0

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабар беришинче, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедов 5-6 август күндөрү расмий сапар менен биринчи жолу Кыргызстанга келет.

 Түркмөнстан тарап менен эки тараптуу жолугушууларда саясий диалогду өнүктүрүү маселелери жана соода-экономикалык, энергетика жана транспорт тармактарында о.э. эл аралык уюмдар алкагында Кыргызстан жана Түркмөнстан ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү талкууланат.

Маалымат кызматынын кабар беришинче, “Түркмөнстан президентинин сапары учурунда илим, билим берүү, маданият жана айыл чарбасы о.э. эки мамлекеттин аймактары ортосундагы кызматташтык туурасындагы эки тараптуу келишимдерге кол коюу пландаштырылган”.

 Кабар берилишинче, Түркмөнстан президентинин сапарынын астында 4-август күнү Бишкек шаарында эки мамлекеттин тийиштүү мамлекеттик органдары жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышуусунда “Кыргызстан-Түркмөнстан” бизнес форуму болуп өтөт.

“Соода-экономикалык мамилелердин маанилүү багыты эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрү ортосундагы түздөн-түз алакаларды бекемдөөгө байланыштуу экендигин эсепке алган абалда биргелешкен бизнес форумдун өткөрүлүшү бул тармакта кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча күч багыштайт”, – деп айтылат маалымат кызматы таркаткан кабарда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here