Мадлен Олбрайт: 500 миӊ жаш бала өлтүрүлдү, жеӊиш үчүн ушул керек болчу.

268
0

АКШнын мурдагы тышкы иштер министри Мадлен Олбрайтка тиешелүү деп божомол кылынган аудио тасма өтө чоӊ ызы-чууга себеп болду. Аудио тасмада айтылышынча, Ислам өлкөлөрүнүн бири болгон Иракта АКШ өкмөтү жүргүзгөн саясат себептүү 500 миӊ жаш бала өлтүрүлгөн.

Мадлен Олбрайт эч бир экиленбестен туруп муну туура деп эсептей тургандыгын айтат. Анын баса белгилешинче, АКШ админстрациясы Иракка каршы баштаган согушунда ийгиликке жетишүү үчүн ушундай иштерди кылышы керек болчу. О.э. тасмада Иракта өлтүрүлгөн жаш балдардын саны Хиросимада өлтүрүлгөн балдардын санынан бир кыйла көп экендиги айтылат.

“Иракка каршы болгон согушта 500 миӊ жаш бала өлтүрүлгөндүгүн уктук. Т.а. Хиросимада өлгөн балдардын санына караганда бир кыйла көптүк кылат. Биз согушта жеӊишибиз үчүн Ирак калкы ушунчалык төлөм төлөшү керек беле? Бул жерде бир нерсе деп айтуу кыйын. Ал эми биздин оюбузча, ушундай болушу керек болчу”, – деди мурдагы тышкы иштер министри аудио тасмада.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here