АКШ Россияга каршы кошумча санкцияларды киргизди

367
0

АКШнын финансы министрлиги таркаткан кабарга ылайык, АКШ россиялык ишкерлер жана компанияларга каршы кошумча санкцияларды киргизди.

Санкциялар Россия түздөн-түз инвестициялар фонду (РФПИ), “ВЭБ-лизинг”, “ВЭБ Капитал”, “Связь-банк”, “РН-Юганскнефтегаз”, “Роснефть Трейдинг”, “ЭКСАР”, “Глобэкс” банкына каршы киргизилди.

Жаӊыртылган “кара тизмеге” Роман Ротенберг, Сергей Курченко жана Виктор Януковичтин уулу Александр Янукович киргизилди.

Мындан тышкары, санкциялар Крым жарым аралындагы Севастополь, Евпатория, Феодосия, Керч, Ялта порттору жана Керч паром өткөөлүнө каршы да киргизилди.

Ошентип, АКШ өкмөтү Украинадагы кризис себептүү жалпысынан 11 жеке жана 15 юридикалык жактарга карата санкция киргизди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here