АКШлык саясий серепчи: АКШ Россия, Кытай жана Иран менен бир учурда согуша турган абалда эмес

407
0

АКШлык саясий серепчи Пол Крейг Робертстин пикиринче, АКШ өзүнүн күчтөрүн Россия жана Кытай менен күрөшкө каратуу максатында Ирандын ядролук программасы боюнча эл аралык ортомчулар “алтылык” курамында Иран менен келишим түздү.

 АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Виктория Нуланддын “Донбасстагы жаӊжалдын күчөшү абалында АКШ Россияга басымды күчөтүүгө даяр” экендиги туурасындагы сөздөрүнөн кийин Робертс АКШ президенти Барак Обама Москва менен мамилелерде Вашингтон тарабынан жаратылган кескиндиктин азайышынан кызыкдар эместиги туурасындагы тыянакка келүүдө.

 “АКШ жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дүйнөнүн өтө чоӊ бөлүгүндө адамдарды өлтүрүүнү улантууда. Көрүнүп тургандай, Обама – тынчтыктын адамы эмес”, – деп жазат саясий серепчи Обамага тынчтык боюнча Нобель сыйлыгы берилгенине ишара кылып.

 “Россия жана Кытай АКШнын аракеттерин чектеп жатат. Мурдагы Советтер союзу таркагандан кийин АКШ өзүнүн сөзүн эч кандай каршылыксыз өткөрүүгө үйрөнүп калган эле.
Бирок, Россиянын Владимир Путин жетекчилигинде көтөрүлүшү о.э. Кытайдын кубаты күчөшү АКШнын үстөмдүгүн жокко чыгарды. Эми АКШ өзүнө мурунку таасирин кайтарып алмакчы. Бирок, АКШ өзүнүн эң жакшы аскерий жана экономикалык абалында эмес”, – деп жазат Робертс.

 “Өзүнүн текебердигине карабастан, Вашингтон бир эле учурда Россия, Кытай, Иран жана “ИШИМ” менен күрөшө албастыгын түшүнүүдө. Бул абалды түшүнүп жетүү Иран менен келишим түзүүгө себепкер болду”, – деп кошумчалады саясий серепчи.
Робертстин баса белгилешинче, Иран менен болгон келишим эми Тегеранга ИШИМ согушкерлерине каршы аракет кылууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин радикалдык Ислам тарабынан болуп жаткан коркунучтар жана Иранга байланыштуу проблемелар Вашингтонго Россия жана Кытай менен күрөшүү үчүн зарыл болгон убакыт, энергия жана запастарды алып жаткан эле.

 Мындан тышкары, Иран менен түзүлгөн келишим АКШ үчүн ыӊгайсыз болгон Европанын Россияга энергетикалык көз карандылыгын алсыратууга мүмкүнчүлүк берет.

Булак: “kun.uz”

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here