Сирияда мусулман калкты аёосуз кыргын кылып жаткан Башар Асад режими тарабында туруп Мужахиддерге каршы согушуп жаткан Хизбулла тобунун катарында чачырандылык жүз бергени туурасындагы кабарлар пайда болду.
Хизбулла тобу Сирияда оппозициялык күчтөрдүн көзөмөлүндө болгон Забадоний аймагын басып алуу үчүн согушка кирди. Себеби, Сирия жана Ливан ортосунда көпүрө болуп эсептелген Забадоний аймагынын мужахиддер көзөмөлү астында болушу Асад режими үчүн өтө чоӊ коркунуч болуп эсептелет. Хизбулланын согушкерлери болгон күчүн топтоп, удаама-удаа чабуулдарды уюштурган болсо да, бирок алар мужахиддер тарабынан оор соккуга дуушар болушуп, артка чегинүүгө мажбур болушту. Кабар берилишинче, Забадоний аймагына чабуул башталгандан бери Хизбулланын сабынан 120 согушкер өлтүрүлүп, 210 согушкер оор жарадар болгон.
“Eldorar” маалымат агенттиги таркатган кабарда айтылышынча, Хизбулла тобу оор соккуга дуушар болуп, Забадонийден чегинүүгө мажбур болгондон кийин анын согушкерлери арасында чачырандылык жүз бере баштаган. Мужахиддерге каршы согушта жеӊилгенден кийин Хизбулла армиясынын катарынан 175 адам качып кеткен. Качкан аскерлер Хизбулла тарабынан кармалганы айтылууда. Кабарда айтылышынча, аскерлердин согуш майданын таштап качып кетишине согушкерлер катарында өлүмдүн көбөйүп кетиши жана кадыржамдыктын бузулушу себеп болууда.
Асад армиясы аларга жардам бербей койгону себептүү жеӊилип калгандыгын дааба кылган Хизбулла тобунун командачылары Асад армиясы менен Хизбулла согушкерлери ортосунда тереӊ жарака пайда болгондугун айтып жатышат.