Афганистан бийлиги алгачкы ирет “Талибан” кыймылы менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

276
0

“Фергана”маалымат агенттигинин кабар кылышынча, Пакистан борбору Исламабадда 7-июль күнү, Афганистан өкмөтү менен “Талибан” кыймылы ортосунда жарашуу үчүн жеңилдиктерди жаратууга багышталган биринчи расмий сүйлөшүү болуп өттү.

Учурашуу Пакистан тыңчылык кызматы (Inter Services Intelligence, ISI) жардамында өттү. Буга чейин бул тараптардын көптөгөн бейрасмий сүйлөшүүлөрү болуп өткөн. Соңку учурашуу үстүбүздөгү жылдын май айында Үрүмчүдө (Кытай) өткөн.

“Khaama Press”тин кабарына ылайык, сүйлөшүүлөрдө Афганистан тышкы иштер министринин орун басары Хикмат Халил Карзай жетектеген өкмөттүк делегация о.э. талибдер тараптан мурунку Талибан өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары молдо Жалил жана кыймыл жетекчилеринин бири Кары Дин Мухаммад катышкан. “The Guardian”дын кабар беришинче, сүйлөшүүгө АКШ жана Кытай  өкүлдөрү да катышкан. Пакистан тарап “афгандар үчүн жарашуу жараянын жеңилдетүү милдетин” өз жетекчилигине алып жатканын белгилеп өткөн.

Пакистан премьери Наваз Шариф сүйлөшүүлөр “ийгиликтүү аякташы керек” деп белгилеген. Анын айтымында, Афганистан коңшулары жана эл аралык коомчулук тарабынан “ушул жараянды токтотууга эч кандай урунуу болбошуна” ишениши керек экен. Ак үй маалымат катчысы Жош Эрнесттин айтышынча, Америка Кошмо Штаттары бул сүйлөшүүлөрдү куттуктаган. Ал эле эмес, бул жолугушууну “тынчтыкты бекем орнотуу жолунда маанилүү кадам” деп атаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here