Кытай өкмөтү мусулман уйгурларга каршы күрөшүн күчөтүп барууда

266
0

Дүйнөлүк коомчулуктун, айрыкча, исламий өлкөлөрдүн жетекчилеринин сүкүт сактоосу астында Кытай өкмөтү уйгур мусулмандарды ишениминен кайтаруу, диний ибадаттардан тосуу максатында аларга карата зулумдарын күндөн-күнгө күчөтүп барууда. Мушрик өкмөттүн Ислам жана мусулмандарга каршы болгон душмандыгы айрыкча мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген рамазан айында ого бетер күчөтүлдү. Мубарак рамазан айы жакындашып калганда, мушрик өкмөт өз адаты боюнча быйыл да мусулмандарды орозо кармоодон тыюуга каратылган жарыя жана чакырыктарын баштап жиберди.

  Расмий өкмөт тарабынан чыгарылган жана жарыя кылынган токтомдордо “Рамазан айында ашканаларды жаап коюуга тыюу салынат”, “Рамазан айында окуучулардын түшкү тамактанууга катышуусу милдеттүү”, “Мечиттерде иптарлык кылууга тыюу салынат”, “Партия мүчөлөрүнө, мамлекеттик кызматта иштеген адамдарга, мугалимдерге жана жаштарга орозо кармоого о.э. рамазан иш-чараларына катышууга тыюу салынат” деген сыяктуу чектөөлөрдү көрүүгө болот. Мушрик өкмөт ошону менен эле чектелип калбастан, өкмөттөн айлык алуучу расмийлерден “динсиз экендиктери, диний ырасымдарда катышпастыктары о.э. орозо кармабастыктары” тууралуу оозеки убадаларды жана жазуу түрүндөгү тил каттарды мажбурлап жаздырып алды. Тил катта мамлекеттик жумушчу жана кызматкерлердин өздөрү эле эмес, алардын үй-бүлөсүндөгүлөр жана жакын туугандары да Ислам динине ишенбестиги, намаз окубастыгы, орозо кармабастыгы жана диний кийим кийбестиги өзгөчө баса белгиленди.

 Мушрик өкмөт Рамазан айынын астында чыгарган буйруктарды жарыя кылып эле калбады, тескерисинче бул токтомдордун аткарылышын катуу көзөмөлдөп, үймө-үй жүрүп орозо кармагандарды аныктоого киришип кетти. Аллах тарабынан буйрулган фарзды аткарып жаткан мусулмандарды орозосун ачууга мажбур кылып, буга ыраазы болбогондорду болсо күч менен ооздоруна суу куюп, билим берүү мекемелеринде мусулмандардын балдарын түштөнүүгө катышууга мажбурлоо сыяктуу жийиркеничтүү иштерди кылууда.

 Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан саясатына канааттанбаган мушрик өкмөт ашканаларды Рамазан айында да иштөөгө мажбурлоо менен эле чектелбеди, тескерисинче мусулмандарга дүкөн жана ашканаларында алкогол жана тамеки сатууну жана бул нерселерди жакшы көрүнүп туруучу текчелерге жайгаштыруу талабын да койду.

 Мусулмандардын коопсуздугун жана укуктарын камсыздашы шарт болгон исламий өлкөлөрдүн акимдери болсо мушрик өкмөттүн Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан аёосуз күрөшүн токтотуп калуунун ордуна мушриктер зулумунан качып үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгон уйгурларды дагы кайрадан алардын колуна кайтарып берүү боюнча келишимдерге кол коюп жатышат. Пакистандын президенти Наваз Шариф Пекинге болгон сапары учурунда уйгурларга каршы Кытай тарабынан ишке ашырылып жаткан кыргындарды колдоп-кубаттай тургандыгын билдирип, уйгур мусулмандарды мушрик өкмөткө тапшырып келе жаткан болсо, Тажикстан өкмөтү да өз өлкөсүндөгү уйгур качкындарын залимдин колуна кайрадан тапшыруу боюнча документке кол койду.

 Ошондой болгон соӊ, мусулмандар АКШ жоругу боюнча аракеттене турган, дүйнөлүк коомчулук жана анын көрсөтмөлөрүнөн кылдай да четке чыга албай турган исламий өлкөлөрдүн акимдеринен үмүттөнбөстөн, тескерисинче, мусулмандарды эле эмес, бүтүндөй адамзатты капиталисттик түзүмдүн кордук жана кысымынан чыныгы тынчтык жана кадыржамдыкка алып чыгуучу исламий Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө жолунда биригүүсү керек. Халифалык мамлекети гана Бирма, Бангладеш, Чыгыш Түркстан, Өзбекстан жана башка исламий өлкөлөрдөгү мусулмандардын коопсуздугун жана акы-укуктарын толук камсыздай алат. Мына ошондо гана мусулмандар эч кимден айбыкпаган абалда бүтүндөй ааламдардын Жаратуучусу болгон Аллах Тааланын бардык буйруктарын ээн-эркин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мына ошондо гана Аллахтын буйруктарына итаат кылгандар эмес, тескерисинче, аны аткарбагандар жазаланат.

 Абдурахман

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here