Казакстан терроризмге каршы күрөш эл аралык конвенциясын колдоп-кубаттайт. Бул тууралуу мамлекеттин премьер-министри Карим Масимов Борбор Азия жана Түштүк Азия мамлекеттеринин зомбулук жана экстремизмге каршы күрөшкө арналган аймактык жыйынында билдирди.
Премьер-министр бул жаатта кеӊири масштабдуу иштер жүргүзүлүшү керектигин жана бул жаатта Казакстан зарыл чараларды көрүүгө о.э. кызматташтык кылууга дайым даяр экендигин билдирди.
Масимов эсктремисттик күчтөр үчүн интернет пайдалуу болуп жатканына өзгөчө көӊүл бурду. Анын пикиринче, согушкерлерди жалдоо, маалымат алмашуу, кылмыштык иштерди пландаштыруу жана ылайыкташтыруу о.э. зомбулук идеяларын үгүттөөдө социалдык тармактар аябай ыӊгайлуу болууда.
“Ушул сыяктуу маанайда жазылган бир эле постту күнүнө 2 миллиондон ашуун адам окуп жатат”, – деди Масимов.
“Казакстан бул сыяктуу экстремисттик сайттарга жана макалаларга тыюу салып койгон. Бирок, бул жаатта аракеттерибиз биргеликте уланышы керек”, – деп баса белгиледи премьер-министр.