Чыгыш Европаны коргоо үчүн АКШ аскерий жардам жиберет

429
0

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс АКШ админстрациясы Прибалтика мамлекеттерине аскерий жана оор куралдарды жибериши туурасындагы сөздөрдү тастыктады.

“Түпкүлүгүндө сүйлөшүүлөр уланууда. АКШ конгресси чыгыш Европа мамлекеттерине жардам колун созуу долбоору үчүн бир миллиард доллардын айланасында каражат бөлгөндүгүн тастыктады. Бир аз мурда Литвага келген АКШ аскерийлери ушул жерде калат. Мындан тышкары, жаңы аскерий топ жана жабдыктар да жайгаштырылат”, – деди Линас Линкявичюс.

Литва тышкы иштер министри АКШнын оор куралдары Литва, Латвия жана Эстонияга жайгаштырылгандан кийин региондогу кырдаал өзгөрүшүн билдирип: “Бул жараян Россиянын чабуулкөй аракетине карата жооп катары ишке ашырылып жаткан жок. Максат, коопсуздугубузду күчөтүү. Бул болсо, региондун, айрыкча Литванын коопсуздугун ого бетер жакшыртат”, – деп баса белгиледи.

Башка бир тараптан Польшанын коргоо министри Томаш Семоняктын да АКШ аскерлери жана аскерий жабдыктар Польшага жайгаштырылышын тастыктагандыгы айтылууда. Литва маалымат каражаттарынын АКШ булактарына таянып кабар беришинче, эгерде президент Барак Обама жана АКШ коргоо министри Эштон Картер  тастыктай турган болсо, АКШ өкмөтү Литва, Латвия, Эстония, Польша, Румыния жана Венгрияга беш миӊге жакын аскер жана аскерий жабдыктарды о.э. оор куралдарды жиберет.

АКШ аба күчтөрүнүн  командачысы Депора Лии Жеймс жаңы типтеги “F-22 Raptor” согуштук учактарын Европага жайгаштырышы мүмкүндүгү туурасында билдирди. Анын түшүндүрүшүнчө, эӊ акыркы типтеги бомбалоочу самолётторун Европага жайгаштыруу АКШнын аскерий кубатын Россияга көрсөтүп коюу үчүн зарыл. Жеймстин айтымында, Россияны АКШ үчүн эң биринчи орундагы аскерий коркунуч деп атоого болот.

Жеймс кыска кылып: “Россияда болуп жаткан иштер жана анын аракеттери мен үчүн өтө коркунучтуу болуп эсептелет. Менин Европадагы эң маанилүү милдетим мына ушул”, – деди.

Өз кезегинде Россия да АКШнын бул аракеттерине кескин жооп кайтарды. Москвага жакын жерде уюштурулган курал-жарак көргөзмөсүндө сөз сүйлөгөн Россиянын президенти Владимир Путин быйыл кырктан ашуун жаңы типтеги баллистикалык ядролук ракеталар орус аскерий кубатына кошумча болорун билдирди. Путиндин айтымында, жаңы типтеги бул ракеталар ар кандай алдыӊкы, заманбап ракетадан коргонуу түзүмүн жарып өтүүгө кудуреттүү.

Эксперттердин айтымында, Россия президентинин атын анык атабастан, “ракетадан коргонуу түзүмдөрү” деп айтышы, анын НАТОго мүчө мамлекеттерге, айрыкча АКШга каратылган “жообу” болуп эсептелет.

Туркистон:

Путин акыркы кездерде бир катар Европа мамлекеттерине каршы жалаӊ аскерий кубаты менен басым өткөрүп коркута баштады. Бул иш-аракеттер  Россияга жакын региондордогу бир катар Европа мамлекеттеринде өзүнүн жаңы базаларын орнотуп алышына АКШга жол ачып берүүдө. Ушундай кете берсе Россия Путинден бүтүндөй баш тартуу туурасында ойлонушу керек. Антпесе, согуш болот, бирок мындан Россия калкына пайда жок. Путин кырдаалдан чыгып алуу үчүн ар нерсеге даяр турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here